Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

“КӨЛ САТЫЛДЫ ЫСТЫКАНДАП, ЖЕР САТЫЛДЫ УСТУКАНДАП”


“Жаңы ордо” (http://ordo.in.kg) гезити эл жазуучусу Асанбек Стамовдун “Курманбек Бакиевди Раззаковдой таза, кеменгер лидер катары тарыхта калышын каалайт элем” деген, “Аалам” гезити (http://www.presskg.com) премьер-министр Чудиновдун 100 күндүгүнүн жүзү” деген, “Агым” гезити чекист Алик Орозовдун “Үч тамга” өлкөдө чымын учканын да билет” деген, “Новый Кыргызстан” гезити “Бишкекте көчө селсаяктарынын саны күн санап көбөйүп барат” деген темаларды 1-беттерине алып чыкты.

“Эгер К.Бакиев президент болуп калса аялы баш болуп, бала-бакырасы мамлекеттик мүлккө кол салбайт, жер-суу байлыктарды, баалуу кен чыккан жерлерди бөтөн элдин шылуундарына сатпайт, кадр саясатына кийлигишпейт деген элем илгерки макаламда. Менин ошол макалам азыркыма карама-каршы келчүдөй болуп калды. Урматтуу президентибиз жакында Казакстанга баратат. Бир топ стратегиялык объектилер, Каркыра баш болгон бир топ жер-суу казактарга өтүп кетчүдөй. Мындан бөлөк Бишкектеги ТЭЦ сатылганы калды. Мунун баарын байманасы ташыган Казакстан ээлеп алчудай. Ысыккөлдөгү толгон пансионаттар да Казакстанга арендага берилет имиш. Арендага берүү деген элди калп жерден тынчытуунун амалы. Илгери Россия 100 жылга Алясканы Америкага арендага берип койгон бойдон алалбай калган. Бир алгандан кийин Казакстан эч качан көлдөгү жерлерди кайрып бербейт. Илгери 150 жылдын тегерегинде кыргыз манаптары Жантай, Шабдан, Жангарач, Ормонхан бүт бойдон Кеген менен Каркыраны, Илени баш кылып, Алматыдан тартып, Балкаш, Мерке, Чымкентке чейин казакка арендага берип коюп, азыр ал жер кыргыздыкы дегендер запкы тартып жатышат” деп жазды эл жазуучусу А. Стамов “Жаңы ордо” гезити аркылуу президентке арнаган ачык катында.

“Агым” гезитинин суроолоруна жооп берип жатып мына ушул жер маселесине экс-губернатор Накен Касиев да токтолду. Бул проблема ал мамлекеттик катчы болуп иштеп турганда эле көтөрүлүп, казактар пансионаттарды алууга ошо кезде эле бир топ аракет жасашканын, бирок Акаев агезде Назарбаев менен кан куда болуп турганына карабастан буга жол бербегенин, Акаев ага кыйыр түрдө аткез кылып койгонун, мындан башка да өзбектердин союз убагында ведомстволор үчүн курулган пансионаттары бар экенин, эгер биз алардын 4 жылдыздуу мейманканаларына кызыгып 20-40 жылга бере берсек чоң жаңыларыбызды, анткени арендага берилген күндөн тартып ал жер казак тарапка өтөрүн, андан ары казактар көлдүн жээгин эмне кылса өзүлөрү билерин белгилеп, алар биз пансионаттарды союз убагында курганбыз деп доомат артып жатса, анда башка өлкөлөргө курган биздин объектилерибиз эмне үчүн кайтарылып берилбейт, ошондуктан көлдөгү объекттерди эч кимге арендага же башка жол менен да бербешибиз керек деп айтты.

Ушул эле гезит көлдүк депутат Кубанычбек Исабеков казак туугандар мандикерлик кылып жан багып жүргөн 150 миң кыргызды ал жактан кууп чыкса эмне болот деп Казакстандын кызыкчылыгын катуу коргоду. Анын логикасын эрчисек Германияда 2 миллионго жакын түрк бар. Түркия Анталиядан пансионат бербей койсо немистер түрктөрдү башка-көзгө койгулап айдап чыгат экен да . Дегинкиси К. Исабеков коргогонго да, кордогонго да уста деп жазып, Алмазбек Атамбаев өткөндө Германияга барып ажодон акыл сурап келген соң Данияр Үсөновдун ордуна Бишкек шаар мэри болот деген кеп тарай баштаганын, ал ортодо Данияр Үсөнов Чудиновдун ордун мээлеп калганын каңкуулады.

Жүрөк сыздаткан жер маселесине “Аалам” гезити да кайрылып, саясатчылар көл боюндагы пансионаттар менчиктештирилгенден кийин президенттик админстрациянын башчысы М. Садыркуловдун кызматынан кол жууй турганын айтып жатышканын, казактарга тартууланганы калган Каркыра менен 4 пансионат үчүн көлдүк “акжолчу” депутаттар Акүйдүн чечимине макул эмеспиз деп күңк-мыңк болушканы менен кайраттары канчага жетери белгисиздигин маалымдады.

Кыргызстандын ММКлары бу күндөрү өкмөт башчысынын бул кызматта иштеп келатканына 100 күн толгонун таразага тартып киришти. Буга “Аалам” гезити да кайрылып, “Игорь Чудиновдун ишмердигине көңүлүңүз толобу” деп суроо койгондо коомдук ишмер Касым Исаев, ушул 100 күн ичинде Чудиновдун эсте каларлык бир иш жасаганын көргөн да, уккан да жокмун десе, мамлекеттик ишмер Амангелди Муралиев, премьердин мыйзамдагы укуктарына карабай Бакиев өзү башкарып жатат, Чудиновду жаш кезинен бери билем, орто жана кичи бизнести жакшы билет, деп академик Абдыганы Эркебаев, ал олуттуу идеялары, олуттуу иштери менен өзүн көрсөтө алган жок. 1-ден азык-түлүк кымбаттады, 2-ден энергетикалык кризис күч алды. Эч болбосо ушул эки нерсени ооздуктап турса болмок да. Чудиновдон чоң нерсе күтүүгө болбойт деп, тай-цзи чебери Медер Итибаев, азыр кыргыздын ырыс-кешигин, жер байлыктарын сатуу идеясы көтөрүлүп жатат. Чудинов сыяктуу аткаминерлер андай ырыскыны түшүнбөйт деп, жеке ишкер Алик Бердибеков, мындан 7-8 жыл мурда Чудиновдун “Дордой” базарында соода кылып атканын көргөм. Мына ушундай адамдардын баары эле премьер-министр боло берсе мамлекет жыргаптыр да деп жооп беришти.

Борбордогу абалды оңдойбуз деп Шаар мэриясы канча жылдан бери тил эмизип келаткан менен сөз сөз бойдон кала берүүдө. Ал эми ошол эле убакта үй-жайы жок адамдардын үйүр тобу жыл санап өсүп жатат. Ошол эле Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын сан-эсеби боюнча 2006-жылы шаар ичиндеги селсаяктардын саны 360 деп катталса, өткөн жылы алардын саны 500гө жеткен деп маалымдаган “Новый Кыргызстан” гезити, таштанды челектерди тамак-аштын булагы, таштанды төгүлгөн жерлерди өзүй-өлөң төшөгү кылып жашап жаткан селсаяктардын саны бүгүн 3 миңден ашарын баяндады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG