Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:35

БАТКЕН: ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИНИН ЧЕЧИЛИШИ МАШАКАТ


3-апрелде Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытов баш болгон министрлик жана ведомство башчылары Баткендеги кыргыз-тажик --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/03/BE4EAD90-3E0B-4509-A4B2-81FE7D1DEF7B.asp чек ара аймактарында болушту. Эл менен жолугушуу учурунда, айрыкча Аксай айыл өкмөтүнун чек ара тилкелеринде орун алган конуштардын тургундары борбордон келген аткаминерлерди көзүнчө сынга алып, айыл өкмөт башчыларынын ишине начар деген баа беришти.

Алгач коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытов баш болгон министрлик жана ведомство башчылары 26-27-мартта Баткендин Аксай айыл өкмөтүнүн аймагында тажик-кыргыз суу чатагы орун алган жерде болушту. Чек ара тилкелерин кыдыруу учурунда Бишкектен келген аткаминерлер менен чек арадагы акыркы жылдары анклавка айланып бараткан Таштумшук айылынын жашоочулары бетме-бет пикир алышып, а тургай коопсуздук комитетинин катчысына айыл өкмөт башчылары менен министрликтер жан кейитерлик иш жасап жаткандыктары да айтылды:

- Айыл өкмөт башчылары эмне кылып жүрөсүңөр? Азыр үйүмдөн өзүм качып жүрөм. Бала-чакам жашай албайт. Үйдөн чыкканда тажиктер таш ыргытат. Биздин укугубузду коргой турган адам барбы, жокпу? Бир жылдан бери электр жарык жок. Ушул маселелерди чечип берсеңер.

“Азыр жаңы бийликтин кадамы эми болуп атат. Ушуну чечели деп атайын ушул кишилер келди”, - ушундай чечип беребиз деген сөз берүүлөрү менен коопсуздук кеңешинин катчысынын иш сапарынын талаадагы бөлүгү аягына чыкты. Андан соң министрлик жана ведомство башчыларынын катышуусунда Баткен облустук акимчилигинде, атайын кеңейтилген коллегия өттү.

Жыйынга облустун баардык булуң бурчунан мекеме ишкана жетекчилери чакырылды. Кеңешмеге болгону бир эле маселе - Баткендеги чегаралаш аймактардагы абалды стабилдештирүү коюлду. Өз сөзүндө коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытов, Баткендеги чек ара маселелери борбордун кийлигишүүсү менен гана чечилет деп, буга чейинки чиновниктер сөз берип, ооз учунда иш бүтүрүп жүргөнүнө токтолду:

- Буга чейин канча комиссиялар келди, канча өкмөттүн өкүлдөрү, депутаттар келди. Бирок сүйлөп-сүйлөп, силердин сый-урматыңарды көрүп эле кайра кетет. Бирок маселелер ошол бойдон эле калды, - деди Токон Мамытов.

Кеңешмеге катышкан өкмөттүн регионалдык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кээ бир келишимдер, сүйлөшүүлөр алты жылдап чечилбей келатканын айтып, эми башкача ыкмага өтүү керектигине токтолду:

- Советтер Союзунун учурунда колхоз, совхоздордун жерди ээлөөчү документи болгон, мамлекеттик акт ага тиркелген. Ошол колхоз, совхоздун аймагынын карта схемасы бар. Азыр айыл башчылары мурдагы колхоз, совхоздордун ушундай документтерин таап туруп, райондогу, облустук мамлекеттик катоо жетекчилеринен обладминистрацияга тапшырсаңыздар. Топтогондон кийин чек араларга өтөбүзбү деген оюбуз бар.

Саламат Аламанов айткан ыкма, совет жылдарындагы колхоз менен совхоздордун атайын карталары, белгиленген аймактары менен чек ара сызыктарын оңой эле аныктап алса болот.

XS
SM
MD
LG