Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

NATO: НАТО САММИТИНИН КҮНДӨЛҮГҮ: “БУХАРЕСТ МЮНХЕН ЭМЕС!”


Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек Румыниянын ордо шаарында өз ишин жыйынтыктаган НАТО --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/5288D0CE-9308-4FD4-817F-BE49E9323A0F.ASP саммитинин соңку күнүндө башкы иш-чараларынын бири НАТО-Орусия Кеңешинин жыйыны болду. Мындан сырткары орус президенти Владимир Путиндин Батышка чуулгандуу билдирүү жасаары дагы күтүлдү. Көпчүлүк Орусиянын лидери күтүүсүз билдирүү жасайт деп болжолдогон эле, бирок андай болгон жок. “Эркин Европа-Азаттык” үналгысынын кабарчысы Брайан Витмор --> http://www.rferl.org/featuresarticle/2008/04/16E7E9E8-5881-43CE-AF6D-0E07A3144EE9.html (Brian Whitmore) НАТО саммитинин соңку күнүндө Бухарестте болуп, өз байкоолору менен бөлүштү.

Кабарчыбыз Брайан Витмор Бухарестке келгенде шаардагы мейманкалардын биринде орун алган. Ошол мейманканада түнүндө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду күтүүсүз көрүп калганын мындайча сүрөттөйт:

“Бул өткөн түнү болду. Дүйнөнүн булуң-бурчунан НАТО саммитин чагылдыруу үчүн келген кабарчылар чогулуп, мейманканада эс алып отурганбыз. Маанайыбыз жакшы болуп, бири-бирибизге түрдүү окуяларды айтып берип, грузин шарабынан даам татып отурганбыз. Бир убакытта эле грузин кесиптешим жаныбыздан өтүп кеткен топ адамдарды көрсөтүп: “карагылачы, Лавров!” - деди.



Орусиянын президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров

Чын эле, жаныбыздан Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өттү. Бизди таң калдырганы – эмне үчүн дүйнөлүк державалардын бири болгон Орусиянын тышкы иштер министри кабарчылар жайгаштырылган жөнөкөй мейманканадан орун алды? Эмне үчүн Орусиянын Румыниядагы элчилигинен ал үчүн орун табылган жок? Менин орус кесиптешим “элчиликтеги орундар президент Путин жана аны коштоп жүргөндөр үчүн сакталган болсо керек”, - деген божомолун билдирди.

Балким Лавров акыркы мүнөттөрдө келерин айткандыктан ага элчиликтен орун табылбай калды. Балким ошол учурда биз жайгашкан мейманкана гана бош болчу. Же болбосо, Орусиянын дипломатиялык кызматы биз элестеткендей телегейи тегиз эмес...



Грузиянын президенти Михаил Саакашвили жана АКШнын президенти Жорж Буш НАТО саммитинде

Бир апта бою журналисттер “Путин Бухарестке келеби, же НАТОнун Мүчөлүк планына Украина менен Грузия кабыл алынса, бойкот жарыялап саммитке катышуудан баш тартабы” деп кызуу талашып-тартыштык. Бирок Путин бейшемби күнү (3-апрелде) Бухарестке келип, биздин талашыбызга чекит коюлду.

Бул суроого чекит коюлганы менен дагы башка бир суроо жаралды: Орусиянын лидери жума күнү (4-апрелде) сөз сүйлөмөк. Бул Владимир Путиндин Орусиянын президенти катары Батышка кайрылуунун акыркы мүмкүнчүлүгү болгону айтылган.

Кабарчылардын көбү бул жолу Путиндин Мюнхендеги сөзүнүн уландысы болот деп күткөн болчу. Өткөн жылы Германиянын Мюнхен шаарында президент Путин Батышка карата ачуу сөздөрүн айтканы көпчүлүктүн ээсинде болсо керек”, - мына ушундай деп кабарчыбыз Брайан Витмор НАТОнун Бухаресттеги саммитине келген көпчүлүк журналисттердин оюн баяндап берди.

Журналисттер гана эмес, жада калса НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер дагы ушундай ойдо эле. Өткөн аптада баш катчы Схеффер орус президенти Путинди Бухарестте “пайдасыз талашып тартышуудан” алыс болууга чакырган.

Бирок жума күнү НАТО-Орусия Кеңешинин жыйынынан кийин Схеффердин маанайы жакшы болгону байкалып турду. Демек орус президенти аша чапкан билдирүү жасаган жок.

“Мен бүгүн маанисиз талашып-тартышуу болду деп айта албайм”, - деди Схеффер журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.



“Чындыгында эле Путин Мюнхендеги билдирүүсүн кайталабай калабы?” Бул суроо көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып турду.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун болжолдонгон маалымат жыйыны улам-улам кечиктириле бергени дагы отко май куйгандай болду.

Анын аралыгында Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков журналисттер чогулган бөлмөдө ары-бери басып жүрдү. Бир саамдан кийин чогулган журналисттердин арасында таң калган үндөр чыкты. Мыйыгынан күлүп, Путин микрофон алдына келди. Мына, эми башталат!

Бирок Путиндин сөзүнүн башында эле белгилүү болду – Орусиянын лидери Румыниянын башкалаасында Мюнхенде айткан сөздөрүн кайталабайт жана эч кандай чуулгандуу билдирүү жасабайт.

Күтүлгөндөй эле Путин адаттагыдай эле НАТОнун кеңейишине жана Кошмо Штаттардын баллистикалык ракеталардан коргонуу системасынын бир бөлүгүн Европада жайгаштыруу долбооруна каршылыгын билдирди. Путиндин айтымында, НАТОнун кеңейиши, башкача айтканда Орусия менен чектешкен өлкөлөрдүн уюмга кириши “коопсуздукка түздөн-түз коркунуч алып келет”.

Кабарчыбыз Брайан Витмордун баамында, Путин бардыгы көнүп калган кадыресе маанайда сүйлөп жатты. Бирок анын сөзүндө кандайдыр бир сүр жетишпей турду.

Бир айга жетпеген аралыкта Владимир Путиндин президенттик мөөнөтү соңуна чыгат. Байкоочулардын баамында, Путин НАТОнун саммитин чет өлкөгө жасаган кадыресе бир сапар катары кабыл алып, Батыш өлкөлөрү алдында өзү жөнүндө жаман пикир түзүлүшүн каалабайт.



Украинанын президенти Виктор Ющенко жана АКШ президенти Жорж Буш НАТО саммитинде

Өз сөзүндө Путин Орусия АКШ жана НАТОго мүчө башка өлкөлөр менен өнөктөш катары конструктивдүү маанайда кызматташууну каалай тургандыгын бир нече ирээт кайталады. “Келгиле, дос катары жашайлы жана түз диалог жүргүзөлү. Эч ким кансыз согушту каалабайт”, - деди Путин.

Ал эми ушул саммитти чагылдырган “Эркин Европа-Азаттык” үналгысынын кабарчысы Брайан Витмор орус президенти В.Путиндин саммитте сүйлөгөн сөзү тууралуу кандай пикирде калды?

“Мага украиналык кесиптешим жакшы бир суроо узатты. Украиналык журналист “эгерде Путин НАТО менен жакшы мамиледе болууну кааласа, анда эмне үчүн уюмдун кеңейишине каршы чыгып жатат? Анткени НАТОго дагы башка өлкөлөр кирсе, Орусия бир канча өлкөлөр менен дагы жакшы мамиледе болот эле”, - деп таң калат. Абдан жакшы суроо. Мен бул суроого Путиндин өзүнөн жооп уккум келет эле”, - деп сөзүн аяктады кабарчыбыз Брайан Витмор.

XS
SM
MD
LG