Шейшемби күнү улуттук китепканада сатирик, карикатурист Төлөгөн Каркеевдин чыгармачыл кечеси өттү. Анда анын “Ким байке” аттуу жыйнагынын бет ачаары болду. Ал китепке автордун сатиралары карикатура сүрөттөрү кирген. Кеченин жүрүшүндө ошондой эле Карыкеевдин эмгектеринен турган көргөзмө ачылды.
1-апрель күлкү күнүнө карата “Тандем” тамашасы Бишкекте эки күнгө созулган күлкү кечесин тартуулашты. Анда куудулдар Назира Жетигенова менен Жакут Сыдыков “Титаник”, “Эх турмуш”, “Айылдык кыз” сыяктуу эски сатиралары менен бирге бир катар жаңы тамашаларын көрсөтүштү.
“Тандем” тамашасы куудул Жакут Сыдыковдун идеясы менен түзүлгөн. Андан бери бир жыл убакыт өтүп, мына ушул убакыт аралыгында жасаган иштеринин жыйынтыгын көрсөтүү максатында мына ушул концертти өткөрүүнү чечишкен. Аларды куттуктап концертке Алина Жетигенова баштаган ырчы-куудулдар келишти. Келерки жумадан тарта “тандем” тамашасынын концертин Ош, Жалалабат дубандарынын тургундары көрө алышат.
“Учур” телетеатрынын артистери Султан Раевдин пьесасынын негизинде коюлган “Меккеге карай узак-узак жол” спектаклинин премьерасын тартуулашты. Меккеге баргысы келген адамдардын образы чагылдырылган бул оюнду тажик режиссеру Барзу Абдразаков койду. Театрдын жетекчилиги билдиргендей Султан Раевдин бул чыгармасын атайын фестивалга ылайыктуу деп тандап алышкан.
Дүйшөмбү күнү Москвада “Ачык Европа” сынак-фестивалы башталды. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылыган арналган бул фестиваль беш жылдан бери өткөрүлүп келет. Мына ушул убакыт аралыгында иш-чарага 10 миңге жакын жаш сүрөтчү, акын, ырчы, актерлор катышкан. Сынактын жеңүүчүлөрү эл аралык фестивалдарга катышууга жана чет мамлекеттерге гастролго чыгууга мүмкүнчүлүк алышкан.
31-мартта Орусиянын эл артисти, белгилүү актер Александр Збруев 70 жашка толду. Актердун өзү каалабагандыгына байланыштуу мааракеге карата расмий салтанат белгиленген жок деп билдирет “Ленком” театры. Збруев “Сен мен үчүн жалгызсың”, “Чоң танапис”, “Жалгыз аял таанышууну каалайт” жана башка ушул сыяктуу тасмаларда образ жараткан. Ошондой эле Гоголь, Островскийдин чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерде ойногон.
Америкалык белгилүү режиссер жана актер Жюль Дассен 96 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркум чыгармачылык жолунда 20дан ашык фильмдерге тартылып, бир катар спектаклдерде образ жараткан. 1955-жылы Канн кинофестивалында “Рифифи” тасмасы үчүн мыкты режиссер номинациясын жеңип алган.
Орусиянын Грециядагы элчилигинде Пушкин атындагы сыйлыкты тапшыруу аземи болду. Ал эми ал сыйлыкка грек жазуучусу Мицос Александропулос татыган. Ал Пушкиндин ырларын грекчеге мыкты которгон деп билдирген Орусиянын Грециядагы элчиси Андрей Вдовин.