Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысына айыл чарба илимдеринин доктору, академик Жамин Акималиев билдирди. Анын айтымында, учурда жакшы үрөн бар, бирок анын баасы кымбат. Андыктан өкмөт жардам берип, күзгү түшүмдүн эсебинен, же башка жолдор менен дыйкандарга сапаттуу үрөн сатып алууга көмөктөшүүсү керек. "Үрөнчүлүк чарбаны, сорт чыгарууну жана аны багуу, сатуу жагын жолго салмайынча, сөзсүз биздин дыйкандар алдыга жыла албайт”, - деди академик Жамин Акималиев. (ZMa)