Ирак башкалаасы Багдаддын Садр шаар деп аталган районунда ирактык аскерлер менен шийит согушкерлеринен кагылышуусунан кеминде 25 адам өлүп, 100дөйү жаракат алды. Бул тууралуу дарыгерлер билдиршти. Уруш шийиттердин радикал имамы Моктада аал-Садр бир апта мурда эле өз согушкерлине ок атышууну токтотууну буюрган соң орун алып олтурат.
Ал эми кечээ Багдадда ракета же минемет менен аткылоодон америкалык үч аскер каза таап, 31и жаракат алган. Алардын сырткары дагы эки жоокер Ирактын башка аймактарында курман болгон.
Келаткан шейшембиде АКШ Конгрессинде Ирактагы абал жана аскерлердин санын кыскартуу мүмкүнчүлүгү боюнча Багдаддагы элчи Раян Крокер жана америкалык аскерлердин командачысы, генерал Девид Петреус маалымат бермекчи.