Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

11:30 К.Ташиев: Чоң базарлардын дээрлик бардыгында өрт коопсуздугу сакталган эмес


Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин “Азаттык” радиосуна берген маалыматына караганда, бүгүнкү күнү Кыргызстандагы дээрлик бардык чоң базарларда өрт коопсуздугу сакталган эмес. Анын пикиринде, базар ээлери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коопсуздукту сактоо боюнча берген көрсөтмөсүн аткарбай, суу түтүктөрүн базар ичине киргизишкен эмес. Андан улам Бишкектеги “Дордой-Жунхай” базарында 5-апрелде чыккан өрттү өчүрүү оңойго турган жок. “Базар ээлери акча табууну гана көздөп, базарларга контейнерлерди баш аламан орноштуруп, суу түтүктөрүн кийирбей коюшкан. Ошонун айынан Жунхай базарында чыккан өрттү өчүрүү оор болуп, 200 чамалаш контейнер жараксыз абалга келди. Андагы товарлар бүт күйүп, миллиондогон каражат күл болду”,- дейт Камчыбек Ташиев. Ошондой эле ал коопсуздук толук сакталып, суу түтүктөрү киргизилмейин бул базар ачылбай турганын баса белгиледи. (IJz)

XS
SM
MD
LG