Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

13:41 С.Идирисов: Нурбек Эгендин фильмине жаңы каарман издешип атабыз


Бүгүн белгилүү режиссер Нурбек Эген Кыргызстандын региондорундагы жаштар менен чыгармачылык жолугушуусун баштады. 14-апрелге чейин созулчу бул жолугушуу иш-чаралары Баткен облусунан башталды. Андан соң ушундай эле иш-чаралар Ош, Жалалабад, Талас, Нарын, Ысыккөл, Бишкекте өтмөкчү. Белгилүү режиссер менен жолугушуу кечелерин “Ыйык Атажурт” коомдук жаштар фонду, “Шоокум” илим, турмуш жана маданият журналы жана “Санжыра” кинокомпаниясы биргеликте уюштуруп жатышат. “Шоокум” журналынын башкы редактору Сейитбек Идирисов “Азаттыкка” билдиргендей, жолугушуу учурунда Нурбек Эгендин “Манастын төрөлүшүн утурлай” аттуу документалдык-публицистикалык фильмине каармандарды тандоо иш-чаралары уюштурулат. “Бул иш-чара Кыргызстандын жаштарынын дүйнө таанымын кеңейтүү, аларды маданий жактан агартуу, жаштарга көмөк көрсөтүү максатында уюштурулуп жатат”,- дейт С.Идирисов. (IJz)

XS
SM
MD
LG