Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

БИЙЛИГИҢ ШЫЙПАҢ БОЛСО, МЫЙЗАМЫҢ КЫЙШАҢ БОЛОБУ?


Бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезити, “Жети баштуу ажыдаарды жеңүүчү мезгил келди” деген, “Де-факто” гезити “Бүт өлкөнү чыракташтыруу жана тезектештирүү” деген, “Агым” гезити “Көк үйдө кимдин доллары көп же парламенттеги он миллионер депутат” деген, “Аалам” гезити “49 жыл адам өмүрү үчүн кыска, а Каркыра үчүн...” деген өзөктүү темаларды 1-беттерине алып чыкты.

“Аалам” гезити “Каркыра кетип баратат деп чуу салгандын ордуна ийри олтуруп, түз кеңешели деген максатта кыргызга башы көрүнгөн, оозунда сөзү бар эрендерге" кайрылышкан.

Гезит соболуна коомдук ишмер И.Абдуразаков, булар 1100 гектары бизге, 600 гектары аларга калды деп айтып жатышат. Деги мыйзам менен жашаганды үйрөнө албай койдук. Анан ким келсе эле тышкы күчтөрдүн көзүн карап жерлерибизди талашка сала беришибиз керекпи? Азыр эң эле камтама кылган маселе пансионаттар болуп жатат деп айткан.

Коомдук ишмер Ө. Текебаев: "Каркырадан 600 гектар жердин казактарга берилишине каршымын, азырынча чечим чыгалек. Ошондуктан бербей коюуга шарттар бар. Муну казак туугандар деле туура түшүнөт. Жер берүү саясаты бийликтин алсыздыгы менен чоркоктугунан болуп жатат", - деп белгилеген.

Академик А.Эркебаев: "Кандай болгон күндө да жер маселесин ошол аймакта жашаган эл менен чогуу чечүү керек" деп, саясатчы Д. Чотонов: "Кыргыздар кызын берген, атын берген, малын берген, мүлкүн берген, бирок намысы менен жерин берген эмес", - деп билдиришкен.

Гезит мындан тышкары президенттикке мураскер боло коем деп ЖК төрагасы А. Мадумаров абалын кыйындатып алганын, үч-төрт күн мурда ажонун ишенимдүү өкүлдөрү депутат А.Салымбековго кайрылып спикер болуп берүүсүн өтүнүшкөнүн, Аскар мырза тынч эле оокат кылайынчы таризинде баш тартканын, ушул маалда жаңы спикер табуу баш оорутмасы башталганын, өткөндө өкмөт башчысы И. Чудинов 8 министрди кызматтан кетирүү маселесин козгогонун, ушу тапта кызматтан кол жууп калышым мүмкүн дегендер Акүйгө байма-бай каттап “алдынан өтүү” вазийпасын жасап атышканын, алар: А. Жапаров, Э. Карабев, Д. Нур уулу, А.Ногоев, М.Сулайманов, Т. Турдумамбетов, И. Исаков, Т. Калымбетова экенин, булардын кимиси кетип, кимиси каларын же саясат же чөнтөк аныктайт деп кеп кылды.

“Агым” гезити Данияр Үсөнов ичи күйгөндөнбү же айтар аргументи түгөнгөнбү, президент администрация жетекчиси Медет Садыркуловдун улутуна асылып “казак” деп тийише баштаганын, кебетеси жогору жакка “президентке ким жакын?” сымал мелдеш көркүнө чыгып баратканын, билим жана илим министри Ишенгүл Болжурова жакында президентке кирип кыргыз өкмөтүнөн окуу китептерин чыгаруу үчүн 100 миллион сом бөлдүрүп алмай болгонун, бирок азырынча атын атагысы келбеген депутаттын айтымында, Ишенгүл айым мунусу менен изин жашыргысы келип атканын, анткени мурда да ушул эле министрлик орунда тураганда китеп чыгартам деп миллиондогон акчаларды алып, ага “итке өтпөгөн” китептерди чыгартканын, Россия менен Казакстандагы кыргыз диаспора ассоциациясынын өкүлү Муктарбек Өмүракунов ушу кезде 100 миң кыргыз орус жарандыгын алгандыгын, кезекте тургандар дагы арбын экендигин кабарлаганын маалымдады.

“Де-факто” гезити ушу кезде “Ак жол” фракциясында Ысыккөлдөгү 4 пансионатты Казакстанга берүүгө ким макул, ким каршы деп ар бир депутатка кол койдуруп, атайын тизме түзүлүп бүтүп калганын, бүткөндөн кийин ал түз эле президенттин үстөлүнө барып түшөрүн, бул деген депутаттарды алдын ала коркутуп, добуш берер-бербесин президент жеке өзү көзөмөлгө алат дегенди түшүндүрөрүн билдирди.

Аталган гезит ошону менен бирге эле “Бишкекводоканал” ишканасын шаар мэри Д.Үсөнов Акүй менен тымызын кеңшип алып Маскөөдөн келген “АО Евразийский” деген еврейлердин ишканасына сатканы турганын, эгер маскөөлүктөргө сатып жиберсе өз суубузду жөөттөрдөн өзүбүз сатып ичип каларыбызды, оппозиция жакынкы күндөрдө болочок президенттикке бир талапкердин атын шардана кылганы жатканын кабарлады.

Гезит андан ары “Президент тезек тергиле” деди буга сиздин оюңуз кандай?” деп айрым адамдарга суроо салганда Ырыс Касымова "Мен Жал айлында жашайм, кечки саат 9 дан баштап эле свет өчөт. Жолдошум экөөбүз 20 жылдан бери жашап келатып быйыл биринчи жолу 250 сомго чырак сатып алдык" деп, Сапардин Аскаров: “Тезек тергиле” деп президенттин айтканы анын деңгээлине туура келбейт. Бул жөн эле менчиктештирүүнүн алдындагы жасалып жаткан оюн. Суунун өлчөмү азайып атат дегенге да ишенбейм. Нарын дарыясында суунун азайышы мүмкүн эмес. Бир чарбаны же банкты алыш үчүн банкрот кылышат. Бул жерде деле ГЭСте суу жок деп туруп сатабыз дегени деп, Гүлбарчын Шерматова: "Кыргызстан сууга бай, электр кубатынын Мекени болуп туруп свет жок деген болбогон сөз. Коңшу өлкөлөрдөн газды асмандаган баа менен сатып алып жатабыз. Өз элин багыш үчүн биздикилер деле суу менен электр энергияны ошончо кымбат сатса болбойбу? Ушуга жеткирип коюп эми тезек тергиле дегени шылдың. Эми Бакиев тезек сурап Россияга же башка бир чоң мамлкеттерге кат жазын деп, Кадыр Тентиев, эми президент тезек тергиле деген соң теребиз да, анын эмнесине арданабыз", - деп жооп беришкен.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG