-Муратаалы ажы, алгач ушул сынактын жүрүшү жөнүндө айтсаңыз. Ал кандай негизде жүрүүдө?
-Биринчиден, мындан эки ай мурун биз Кыргызстандагы бардык расмий диний кызматкерлерди сынактан өткөрүү боюнча атайын чечим кабыл алганбыз. Мына 1-апрелде Баткен облусунда башталды. Азыр биздин сынак өткөрүүчү комиссияларыбыз Ош облусунда жүрүшөт. Негизги максат - дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн бекемдөө. Ал сынакта кайсы бир имамды көтөрмөлөп, кайсы бир имамды жумуштан бошотуу эмес, кайра тескерисинче алардын ишмердүүлүгүн бекемдеп, айрым маселелерди үйрөтүү ирээтинде, окутуу ирээтинде өткөрүү максатында жүргүзүлүп жатат.
Мисалы, ар түрдүү радикалдык багыттагы топторго каршы иштөө, башка диндерге өтүп жаткандарга имамдардын кыла турган мамилелери жөнүндө, эл ичиндеги диний жөрөлгөлөрдү калып салуу керек. Мисалы, маркумдарды акыркы сапарга узатууда, нике, талак сыяктуу маселелерди Кыргызстан боюнча шарыяттын негизинде бирдей тартип менен өткөрүү боюнча эл менен кантип иштөө керек, жамаатка кандай мамиле жасоо керек, ушуларды элге, биздин имамдарга, дин кызматкерлерине бирдей тартипте үйрөтүп, окутуп, ошолордун негизинде алардан сурап, кандай иш жасап атат, туурабы, туура эмеспи, ушул багытта уюштуруу максатын көздөйт. Мына бүгүнкү күнү Кудайга шүгүр имамдарыбыз дагы, эл дагы жакшы мамиле кылып жатат.
-Муратаалы ажы, ушул сынактын жыйынтыгында кандай чечимдер кабыл алынат?
-Сынактын жыйынтыгында дин ишин жүргүзүүгө эч бир илимий деңгээли жетишпесе, элдин ичиндеги күнүмдүк турмуштагы маселелерди дагы чечип бергенге туура келбесе, шарыяттагы Куран окуп берүү, намазга өтүп берүү, жаназа, нике ушуга окшогон маселелерди дагы так аткара албагандар болсо, аларга туура түшүндүрүп, аларды кызматынан четтетип, ордуна башка бирөөлөрдү коюу маселелери болуп жатат.
-Ошол өтпөй калгандардын ордун толуктоо жагы кандай болуп жатат?
-Ошол орундарга облустук казыяттар менен кеңешип туруп, илимдүү жаш жигиттерибизди, университеттерде, Ислам окуу жайын бүтүргөн балдарды коюу маселелери каралып жатат. Негизинен массалык түрдө өтпөй калгандар албетте жокко эсе. Себеби алардын анча-мынча кемчиликтерине эки-үч ай убакыт берилип, шарттуу түрдө туура эмес жерлерин оңдой турган маселелер дагы коюлуп жатат.
-Муратаалы ажы, эми өлкөдөгү диний кырдаалга келсек. Соңку учурда салттуу исламдык Ханафи багытындагы окууга вахабий сыяктуу диний агымдар коркунуч туудуруп жатышы тууралуу кооптонуулар жок эмес. Чын эле ушундай коркунуч барбы?
-Албетте бул чоң маселе болуп жатат. Азыр демократиялык шартта, чек араларыбыз кенен ачылып, миссионерлер Кыргызстанга келип, ошолор башка масштабга, дегеле машкабдан тышкары өзүнчө эле бир жолдорду тандап алган инсандар дагы анча-мынча байкалат.
Эми биздин айрым жаш жигиттербиз ошолордун үрп-адаттарын өзүнө сиңирип алып, өзүнө ылайык көрүп алып, намаз окуган тартиптерди, шарыяттын анча-мынча эрежелерин туура эмес түшүнүп алган адамдар жок эмес. Бирок аларды бүгүнкү күндө биз катуу чараларды колдонуп, өзүбүздүн илгертеден карманып келе жаткан пайгамбарыбыздан берки жолун карманууга катуу далалат кылып жатабыз.
-Маегиңизге ырахмат.