Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:49

15:07 А.Мадумаровдун билдирүүсү мыйзамдуулуктун орношуна терс таасирин тийгизет


Мындай билдирүүнү “Демократия жана атуулдук үчүн” өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясы бүгүн жасады. Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаровдун Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жарыялабоо боюнча эч кимге отчет бербейт деген билдирүүсү Кыргызстандын Шайлоо кодексинин 7 беренесине каршы келет. Жогорку денгээлдеги жетекчилердин мындай билдирүүлөрү коомдо мыйзамды сыйлабоо жана мамлекеттик органдарга ишенимди жоготууга алып келет. Бийлик өкүлүнүн мындай жоопкерчиликсиз билдирүүлөрү мыйзамды алмаштыра албайт. Ошондуктан коалиция шайлоонун жыйынтыгы жарыяланбашы боюнча БШК менен соттошууну улантууда. Доо арыз Биринчи май райондук сотунун кароосунда турат, деп белгиленген билдирүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG