Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

Хюман Райтс Уотч Евробиримдикти Борбор Азиядагы адам укуктарынын абалына көбүрөөк көңүл бурууга чакырды


Биримдиктин мартабалуу өкүлдөрү эртең-бүрсүгүнү Ашхабадда Борбор Азия жумурияттарынын тышкы иштер министрлери менен жолугууда. Алар Европанын бул аймак боюнча 2007-жылы кабыл алынган стратегиясын талкуулашат. Укук коргоочу уюм ар бир өлкөгө конкреттүү милдеттерди жүктөп, келечектеги пайдалуу кызматташттыкты ушул жааттагы жылыштарга жараша жүргүзүү керек деп эсептейт. Бүгүнкү отчетунда Хьюман Райтс Кыргызстанда жыйын өткөрүү укугу чектелип жаткандыгын белгилеп, үйбүлөдөгү зордукчулук жана кыз ала качууну жоюу боюнча мыйзамдарды аткарууга чакырды.

XS
SM
MD
LG