Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:46

ДЫЙКАНДАРГА ҮРӨН МЕНЕН МАЙ ЭМНЕГЕ КЕЧИКТИ?


Жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн бөлүнгөн күйүүчү май дыйкандарга толук жеткирилет. Мамлекеттик материалдык резерв боюнча агенттик бул маселени жакынкы күндөрү жөнгө салат. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Арстанбек Ногоев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда жазгы талаа иштери үчүн бөлүнгөн үрөн, күйүүчү май --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/C7286BFD-8659-4E2B-B26E-2095D10F2802.asp жана башка нерселердин убагында дыйкандарга жетпей атканына жалгыз Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигин күнөөлөөгө болбойт.



“Азаттыктын” буга чейинки берүүлөрүндө айтылгандай жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн бөлүнгөн 10 миң тонна күйүүчү май, 100 тоннадан ашуун үрөн, 40 миң тоннадан ашуун минералдык жер семирткичтер дыйкандарга толук жетпей жаткандыгы тууралуу нааразылыктар чыгып жаткан. Жалалабат облусундагы белгилүү фермер Акыбай Сооронбаев мамлекет тарабынан туруктуу агрардык саясат жоктугунан айыл чарба тармагы аксап жаткандыгын “Азаттыктын” кабарчысына билдирген эле:

-Себеби өндүрүштүк мамилелер туура эмес коюлган. Туруктуу бир агрардык саясаттын жоктугу болуп жатат. Үрөн, күйүүчү май, жер семирткич, акча каражаттар жана техника боюнча маселе аябай оор турат, дыйкандарга колдоо жок, -деген фермер Акыбай Сооронбаев.



Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Арстанбек Ногоев жазгы талаа иштерин дыйкандар өкмөткө карабай эле жүргүзүп келишкенин жана жүргүзүп жатышат деген пикирлерге кошулат. Министр быйылкы жылы мамлекет тарабынан дыйкандарга убада кылынган жардамдардын убагында дыйкандарга жетпей жатканына жергиликтүү бийлик ээлери да жоопкерчиликтүү деп эсептейт. Арстанбек Ногоевдин сөзүнө караганда жазгы талаа иштери үчүн бөлүнгөн акчага үрөн, күйүүчү май жана минералдык жер семирткич сатып алууга тендер жүргүзүлгөн, бирок буларды дыйкандарга жеткирүүнү мамлекеттик өнүктүрүү фонду мойнуна алган:

-Мунун баары эле биздин колубузда эмес. Жер-жерлерди кыдырганда дыйкандардын көйгөйлүү маселелерин өз кулагыбыз менен уктук. Бирок тендер жүргүзүп, аны дыйкандарга сатуу матрезервдин өнүктүрүү фонду аркылуу жүргүзүлөт. Эгер биздин министрликтин мойнунда болгондо биз февраль айында эле таратып коймокпуз. Бирок структура ушундай түзүлүптүр, өнүктүрүү фонду аркылуу таратылышы керек.

Арстанбек Ногоев акимдер менен айыл өкмөттөр да айыл чарба иштерин жүргүзүүгө жоопкерчиликтүү деп эсептейт:

-Биздин министрликтин кийлигишүүгө акысы жок, ал эми аким, айыл өкмөттөрдүн укугу бар, күйүүчү май, үрөндү талап кылууга. Алар ортодогу арбитр болуп, дыйкандарга берилип жаткан жеңилдиктерди алып, пайдаланууну колго алууга тийиш. Мына мен да бир нече райондордо аким болуп иштегем, мындай иштерди айыл чарба министрлигисиз эле өзүм чечип келгенмин.



Жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн даярдалган күйүүчү майдын литрин 20 сом 50 тыйындан дыйкандарга сатуу үчүн өкмөт атайын тендер жарыялап, аны “Орусхимнефть” компаниясы утуп алган. ЖК экология, жер жана агрардык маселелер комитетинин төрагасы Жусупжан Жээнбековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча күйүүчү майдын жазгы талаа жумуштары аяктап жаткан учурда да дыйкандарга жетпей атышына мамлекеттик матрезервдин күнөөсү бар:

-Мамлекеттик матрезерв тарабынан 10 миң тонна күйүүчү май берилиши керек болсо, анын ичинен 4600 тоннасы түштүк облустарга берилди деген кат алдым. Ал эми калган 5400 тоннасы келе элек. Мага бүгүн кат келди, апрелдин он бешине түндүк облустарга таратылат деп. Апрелде кереги жок, жазгы талаа иштери бүтүп калган учурда эмне кылабыз аны? Мен эң биринчи Ошто болгон көчмө жыйында эле айткам: февралдын аягы болуп калды, марттын башында келип бүтүүгө тийиш, деп айтканмын.

Жусупжан Жээнбековдун айтуусунда түндүк аймакка күйүүчү май 4-апрель күнү келип түшмөк, бирок ал да ишке ашырыла элек.

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Арстанбек Ногоев жазгы талаа иштерин жүргүзүүдө чечилбей аткан маселелер ырасында көп, бирок анын баарын аз убакытта чече коюуга мүмкүн эмес деп эсептейт. Анын айтуусунда баары келип эле каражатка такалат. Бирок быйылкы жылы айыл чарба иштерин жүргүзүүгө эң көп суммада 6,7 млрд сом акча бөлүнгөнүн буга чейин каржы министри Тажикан Калимбетова билдирген. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Арстанбек Ногоев болсо бул каражаттын ичинен 735 млн сом гана түздөн-түз айыл чарбасын жүргүзүүгө жумшалса, калганы түрдүү долбоорлорду каржылоого сарпталарын белгиледи.

Айыл чарба тармагын көтөрүү үчүн эң биринчи кайра иштетүү тармагын жандандыруу жана кооперативдерди түзүүнү көбөйтүү зарылчылыгы бар. Мындай учурда дыйкандар менен малчылардын кирешеси эки-үч эсе көп болмок, дейт министр. Бирок белгилүү болгондой айыл чарба иштерин жүргүзүү үчүн фермерлерден чогулуп түзүлгөн кооперативдер бир сезон, ашып барса бир жыл жашап, кайра бузулуп кетүүдө. Министрдин пикиринде буга салык системасынын да тиешеси бар, салык кодексине өзгөртүү киргизүүдө мына ушул багытты да эске алуу зарыл:

-Себеби эл жери менен, каражаттары менен бириксе, өндүргөн азык-түлүгүнүн көлөмү 4-5 млн сомдон ашкан соң, салыктын өлчөмү да көбөйөт. Мына ушундан качып дагы дыйкандар кооперативге бирикпей атышат. Алар даяр эле, биздин мыйзамдар аларга кадам таштаса жакшы болмок. Багыт туура, эл деле түшүнүп калды.

Министрдин пикирине “Кенч” кооперативинин жетекчиси Акыбай Сооронбаев да кубаттоого алды. Анын айтуусунда салыктан тышкары да баары бир дыйкандарга техника, үрөн, жер семирткич керек.

Ал эми кайра иштетүүчү өнөр жай тармагын жандандыруу үчүн айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги өкмөттөн 148 млн сом сураган. Арстанбек Ногоевдин айтуусунда бул маселе да жакында чечилиши күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG