Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

“БАКТЫҢДЫ БАЗАРДАН КӨР”


Бишкек шаар башчысы Данияр Үсөнов кечээ (8-апрелде) Ош базарынын --> http://www.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2007/05/4a2ed629-2f63-4e8c-a05f-a3de29710bef.asp учурдагы абалы менен таанышып, ал жердеги 78 жеке менчик ээси менен жолугушуп, аталган базарды иретке келтирүү талабын койду. Базардагы жеке менчик ээлери болсо шаар бийлиги тарабынан айтылган сунуш-пикирлер орто жолдо калбай натыйжалуу ишке ашырылса, базарлар иретке келерин белгилешти. Айрым ишкерлер базардагы күнүмдүк оокатын өткөрүп атышкан миңдеген карапайым элге дагы шаар бийлиги шарт түзүп берүүсү зарыл деп эсептейт.

Бишкек мэри Данияр Үсөнов баш калаадагы бардык базарларды заман талабына ылайык иретке келтирүү зарыл деп эсептейт:

-Бишкек шаарында чоң-кичине базарлардын баарын кошкондо 118 базар бар. Жылдын аягына чейин базарлардын барын иретке келтиребиз.

Шаар башчы белгилегендей базарларда өрт коопсуздугу сакталбай, санитардык абал эске алынбай, кардарларга ылайыктуу шарттар түзүлгөн эмес. Үсөновдун айтымында, айтылуу Ош базарында 78 жеке менчик ээлери бар. Алар пайда табууну көздөп өздөрүнө таандык соода түйүндөрүн заман талабына ылайык жаңыртууну эстеринен чыгарып, өз менчигине кош көңүл мамиле кылып калышкан.

Мэр ошондой эле Ош базарынын жанында эки кабаттуу автобекетти, жашыл базарды эки кабат кылып куруу, базар ичиндеги имараттарды реконструкциялоо маселесин шаардык кеңештин кароосуна коюп, каражат бөлүнө тургандыгын билдирди. Ал жеке менчик ээлерин бул ишке салым кошуп, бүгүнкү базар экономикасынын шарттарына ылайык 78 жеке менчик ээлерин биригип ачык акционердик коом түзүүнү сунуштады.

Жакын арада Ош базарынын ичин иретке келтирүү талабын коюп, базарды өнүктүрүү боюнча сунуштарын 15-майга чейин Мэрияга берүүнү айтты. Аны менен жолугушкан Ош базарындагы жеке менчик ээлери шаар башчынын койгон талаптары жүйөөлүү экендигин, анын сунуштарын колдой тургандыктарын билдиришти.

Жеке менчик ээси Улпайым Сабырова шаар бийлиги менен Ленин райондук администрациясы кийинки мезгилде орто бизнести өнүктүрүүнү колго алып, базарга көңүл бура баштагандан кийин бир айдан бери текшерүүчүлөрдүн аягы тыйылды дейт.

-Бул убакытка чейин бизге Ош базарына ким келсе дагы ар тараптан тоскоолдук кылып келишкен. Мэрия өзү баш болуп тоскоолдук кылып келишкен. Ар бир метр жер сатылып, базаркомдордун чөнтөгүнө кетчү. Элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, ар ким өздөрүнүн чөнтөгү үчүн иштеп калышкан. Санитардык абалы абдан начарлап кеткен. Текшерүүчүлөр биринин артынан, бири келүүчү. Канча жолу бул маселени көтөрдүк. Телевидениеден да айттык эч бир жыйынтык чыкпай келген. Эми шаар бийлигинин бул аракеттеринен кийин бир жыйынтык чыгат деп ишенебиз.

Ал эми жеке менчик ээси Айнура Кочкорбаева болсо Ош базарын иретке келтирүүдө алды менен күнүмдүк оокатын кылып, эптеп жанын багып атышкан миңдеген карапайым адамдарга оорчулук келерин, алардын көйгөйлөрүн чечүүнү шаар бийлиги эске алуу керектигин белгиледи:

-Менин жекече пикирим, Ош базарынын тегерегинде майда соода кылып турушкандардын бардыгы эле айыл-ападан келишкен. Көпчүлүгү Ош облусунан келип эптеп соода кылышып, кара-жандарын багып жүрүшкөн. Миңдеген карапайым элге кыйын болот. Ал үчүн шаар бийлиги алардын маселесин чечүүнү эстеринен чыгарбай сөзсүз жыйынтык чыгаруусу зарыл.

Шаар башчы Данияр Үсөнов Аламүдүн базарын иретке келтирүү иши башталганын, Ортосай базарын жакында барып көрөөрүн, ири мал базарды шаардын түндүк тарабындагы айланып өтмө жолдун ары жагына көчүрө тургандыгын айтты. Ал эми Ататүрк эс алуу багынын аймагында курулуп аткан мурдагы жана азыркы 123 чиновникке тиешелүү үйлөрдүн курулушуна байланыштуу маселе шаардык коллегияда каралып, өкмөткө сунушталганын билдирди.

-Бул Мэриянын маселеси эмес. Муну чечүү биздин функцияга кирбейт. Өкмөттүн функциясы. Ошондуктан өкмөт бул маселе боюнча чечим кабыл алгандан кийин, биз аны аткарабыз.

XS
SM
MD
LG