Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

ЧЫГЫШ ӨНӨРҮН БИЛГЕН КЫРГЫЗ ЖҮЗДӨН АШЫП ЖАШАЙТ


Чыгыш өнөрүнүн чеберлери Макен Исаков жана Медер Итибаев башында турган “Ак каркыра” спорттук ден соолукту чыңдоочу борбор чыгыш элдеринин ушу-тау, тайзицюань, цигун, ян жана башка стилдерин, ыкмаларын кыргыз жергесине жайылтып келет. Ал эми бүгүн (9-апрелде) дүйнө жүзү белгилей турган тайзицюань медициналык жана жоокердик багыттагы өнөр. Бирок ал спорт же гимнастика менен чектелбейт. Тайзицюанды көп кырдуу өнөр, илим жана философия дешет адистер.

Бүгүн кыргыз жергесинде дагы тайзицюань күнү белгиленип, жүздөгөн улан- кыздар бул чыгыш өнөрү боюнча сынактан өтүшөт. Салт боюнча алар бул иш-чараны көчөт олтургузуу менен башташат. Ошондой эле Бишкектеги «Сейтек» балдар борборунда чыгыш өнөрү боюнча мелдеш да өткөрүлөт. Мындай мөрөй талашууга Казакстандан өкүлдөр да келип катышаарын билдиришкен.

Чыгыш өнөрү тайзицюань Кытайда пайда болгону менен, ал кытайлыктарга гана таандык болбой бүтүндөй адамзатын энчисине айланып баратат. Бул өнөр кыргыз жергесине да жайылып, жыл өткөн сайын кызыгуу артып, анын дарылоо жана ден соолукту чыңдоочу дарамети ачылып баратат.

Чыгыш өнөрүнүн чебери Медер Итибаевдин пикиринде эгерде кыргыз эли, чың ден соолуктуу улутка айлангыбыз келсе, анда кытайдын тайзицюань, ци-гунун эле эмес, индустун йога-терапиясын, кайсыл элде ден соолукту бекемдөөчү, өмүрдү узартуучу өнөрлөрү болсо, ошонун баарын Кыргызстанга алып келип, жайылтышыбыз шарт, дейт:

- Тайзицюань, Ци-гун жасаган кереметтерди башка эч бир медицина, спорт жасай албайт. Азыр Европада "Ци-гун - ХХI кылымдын медицинасы" деп эсептешет. Азыркы илимий медицинада айыкпайт деп эсептелген: полиартрит, астма, диабет, рак, гипертония ж.б. оор, өнөкөт түрүнө өткөн ооруларды Кытайдын ци-гун терапиясы менен айыктырып, жыйынтыгын көрсөтүп калатышпайбы.

Устаты Медер Итибаевдин айткандарын кубаттаган Бакай Нурбеков кыргыз эли ден соолугуна анча маани бербестигине кейип, чыгыш өнөрлөрү акыл эс жөндөмүн арттырып, ишмердүүлүктү жогорулатып, улут генафондун жакшыртат, деген пикирде.

Чыгыш өнөрлөрүн Кыргыз жергесине жайылткан «Ак каркыра» аталган спорттук- ден соолукту чыңдоочу борборду чыгыш өнөрүнүн устаты Макен Исаков негиздеп уюштурган.

Учурунда Макен Исаков Түндүк Корея, Кытай, Вьетнам өлкөлөрүндө ден соолукту чыңдоо боюнча чыгыш системасындагы багыттуу билим алуу менен Шанхай, Гуанжоу шаарларындагы чеберлерге кезигип, өнөр үйрөнгөн. Ал «цигун», «рефлекс терапия» жана «Тайзицюань» өнөрлөрүн терең өздөштүрүп, жүздөгөн кыргыз жаштарына бул тармактын сырын ачкан.

Мындан сырткары ал «ян» жана «чэнь» стилдерин да өздөштүрүүгө жетишип, чебер аталган. Ал 11 жылдан бери Орусиянын Челябинск шаарындагы Урал дене тарбия университетинде устат катары эмгектенип, бир нече китеп, видео тасмаларды чыгарган.

Мурда чыгыш спорт түрлөрү менен машыгууга тыюу салынып келсе, учурда ден соолукту чыңдоонун булагы катары таанылганын, ар бир кыргыз жүздөн ашып жашоого мүмкүнчүлүгү бар экенин, ал үчүн чыгыш өнөрлөрүн үйрөнүүсү керектигин, бул дене тарбия ыкмаларын кыргыз элине жайылтуунун зарылдыгын “цигун” стилинин чебери Медер Итибаев айтып жүрөт.

Сүрөт daowellness.ru интернет баракчасынан алынды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG