Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:39

ТҮРКМӨНСТАНДАГЫ ЖЫЙЫНДА СУУ МАСЕЛЕСИНЕ БАСЫМ ЖАСАЛАТ


Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Түркмөнстандын борбору Ашхабадда бүгүн Евробиримдиги менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы боюнча жыйын өтүп жатат. Ага Кыргызстандан тышкы иштер министри Эднан Карабаев катышары кабарланууда. Бул жыйынга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын айрым суроолоруна Кыргызстандын Түркмөнстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Бөөрүбек Ашыров жооп берди.

-Башталып аткан жыйында кайсы маселелер каралат, кандай болот?

-Биринчиси, Орто Азия менен Евробиримдиктин карым катташы, анын Орто Азия боюнча болгон стратегиясынын аткарылышы. Экинчи маселе, региондун маселелери, бул региондогу кызматташтык, анын ичинде билим берүү, экономика, соода-сатык, энергетика маселелери каралат. Үчүнчүсү, жалпы азыркы коопсуздук, анын ичинде чегара, баңгизат менен күрөшүү жөнүндө маселе. Мына негизинен ушул үч чоң маселе каралат.

-Европалык маалымат каражаттары Европа биримдиги региондогу дагы адам укуктарына байланыштуу маселени көтөрөт деген сөздү айтып жатат. Бул маселе канчалык күн тартибинде бар?

-Күн тартибинде өзүнчө бөлүнүп көрсөтүлгөн жок. Бирок жетекчилер өзүнчө отурушканда бул маселени талкуулашы мүмкүн.

-Ошондо Франция менен Словениянын министрлери азыр келатат экен да?

-Себеби Франция июндан баштап Евросоюзду жетекчилик кылышат, азыркы болсо Словения. Бул экөө келет, анан үчүнчүсү болсо Евросоюздун өзүнүн жетекчилери. Ошондуктан Евросоюздун үчүлүгү, анан Орто Азиянын тышкы министрлеринин жолугушуусу деп аталды.

-Бизде суу энергетикалык маселе региондо, айрыкча төрт мамлекеттин ичинде күчтүү болуп аткан учур. Европа Союзу бул маселени чечүүнүн өзүнүн бир жолун сунуштайбы, же кандайдыр бир долбоору барбы, кандай деп ойлойсуз?

-Менимче, Евросоюздагы суу маселесин калыстык тарапта чечилишине ынтызар. Бул маселени караганда өздөрүнүн көз карашын айтышы күтүлүп атат. Бул жерде Орто Азиянын тышкы иштер министрлеринин да көз карашы бар бул маселеге, анан жалпы бир чечимге келишет го деген үмүт бар.

-Экономика жаатында булар инвестиция салууга регионго дилгирлигин, ниетин билдирүү ошол мамлекеттер тарабынан аракет жасалышы мүмкүнбү?

-Бул жерде өзүңүз билесиз, Евросоюз тарабынан стратегия кабыл алынгандан кийин ар кандай программаларды каржылоо боюнча дагы маселе каралып, ошого кете турган акчанын көлөмү 2008-2013-жылга чейин көбөйгөн буларда. Анан булар так, конкреттүү проекттерге ал акчаны жумшашы күтүлүп атат. Биздин делегация кечээ түндө келишти. Алардын өздөрүнүн конкреттүү сунуштары бар проектер боюнча. Ал проекттерди бүгүн биздин тышкы иштер министри Эднан Карабаев өз коллегаларына билдирет.

-Кайсы багытка биз кызматташууга артыкчылык берүүгө аракет кылып жатабыз?

-Кыргызстан тарабынан эки эл аралык демилге көтөрүлгөн. Биринчиси, суу маселеси боюнча жогорку деңгээлде жолугушуу. Экинчиси, Бишкекте Суу академиясын ачуу жөнүндө. Ушул маселени биз дагы бир жолу бул жерден көтөрөбүз, коллегалардын көңүлүн бурабыз го деп турабыз.

-Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG