Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

О.МОЛДАЛИЕВ: ЕВРОПАНЫН БОРБОР АЗИЯГА ТААСИРИ КҮЧӨЙ БАШТАДЫ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Түркмөнстандын борбору Ашхабадда бүгүн Евробиримдиги менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы боюнча жыйын башталууда. Ага Кыргызстандан тышкы иштер министри Эднан Карабаев катышары кабарланууда. Бул эки аймактын кызматташтыгы боюнча “Азаттык” үналгысынын суроолоруна саясат таануучу Орозбек Молдалиев жооп берди.

-Орозбек мырза, Европа менен Борбор Азиянын кызматташтыгынын азыркы абалына кандай баа бересиз?

- Борбордук Азияга кызматташтыгынын сырткы таасири тууралуу сөз болгондо биз дайыма эле Кытай, Орусия, АКШны айтып эле, Евробиримдик жөнүндө сөз болбой калат да. Ушул үчөө күч деп. Бирок Евробиримдик регионго таасири жылдан-жылга көбөйүп келүүдө. Мисалы 1999-жылы Европарламенти Борбордук Азия менен кызматташтыкты өнүктүрүүнүн стратегиясын кабыл алышкан. 2001-жылы Евробиримдик менен Борбордук Азиянын баңгизаттарга каршы күрөшүү планы кабыл алынган. Анан эң эле көбүрөөк айтылып жүргөнү – ТАСИС деген программа. Мунун курамында “TRACECA”, “Иногейт”, “Темпус” деген үч долбоор бар. Ушулар боюнча иш жүргүзүлүп жатат.

Эми бул Түркмөнстанда өтүп жаткандын дагы бир себеби бар. Бул “TRACECA”, “Иногейттин” алкагында Борбордук Азиядан углеводороддорду Европага алып чыгуу. “TRACECA” боюнча транспорттук коридорлорду өнүктүрүү боюнча долбоорлор бар. Буга Орусия менен Белорусия катышпайт, андан башка КМШнын 14 мамлекети катышат. Ушундан улам Батыштын таасири акырындык менен уламдан-улам көбөйүп келе жатканын айтсак болот.

Көп билинбегени - булар бизге согуштук базасын курбай, күч таасирин көрсөтпөсө эле Европанын таасири жоктой көрүнгөнү менен, экономикалык алкакта таасири көбүрөк болуп жатат. Эми мунун ичинен Германиянын таасири күчтүрөөк. Калган мамлекеттердики азырынча анча билинбейт.

-Орозбек мырза, сиз айткан маселелердин кызматташтыктын натыйжасы кандай болуп жатат?

-Мунун натыйжасы - биздин Кыргызстанда таасири азырынча анча билинбейт. Мисалы, биздин ошол Германия менен кызматташтык көбүнчө өнүгүп жатат, Евробиримдикке кирген калган мамлекеттердин таасири азыраак. Бул биринчиден өзүбүздөн дагы кемчилик кетип жатат. Сунуш кылган долбоорлорубуз азыраак болуп жатат, багытыбыз дагы туура эмес болуп жатат.

-Кыргызстан менен кызматташтыкта кайсы багыттарга басым жасалышы керек деп ойлойсуз?

-Биз азырынча техникалык жардам болуп эле, алардын бөлгөн акчасына адистер келип үйрөтүп, долбоорлорду мындай кылыш керек деп, акчасын кайта өздөрү алып кетип калышууда. Мунун Казакстандагыдай кылыш керек. Баланча долбоордун баланча пайызы биздин кызматкерлер болсун деп. Ошондо биздин кызыкчылыгыбыз бир аз сакталмак.

Экинчиден, ал долбоорлорго Кыргызстан тараптан сынак жарыялап алган адистердин көпчүлүгү тил билгенине карап алат. Адистер азырак кирип калат дагы, кырдаалды жакшы түшүнө албай, ушул жагынан кемчилик болуп жатат.

-Евробиримдиги Борбор Азия өлкөлөрүндөгү демократиялык жараяндарынын абалына, өзгөчө адам укуктарына байланышкан жагдайга байма-бай тынчсыздануусун билдирип келет. Сиздин баамыңызда аймактагы бул жааттагы азыркыдай абал өзгөрүшү мүмкүнбү?

-Булардын өзгөрткөнгө рычагдары азыраак. Себеби азыр айткандай экономикалык кызматташтык азыраак болгондуктан. Мисалы, Өзбекстанга бойкот жарыялашты, жогорку кызматтагы адамдардын ал өлкөлөргө кирүүгө тыюу салганы менен эч таасир көрсөтө алган жок. Болгону бир статья боюнча алды: Өзбекстанга курал-жарак сатылбасын деп. Өзбекстан болсо Европадан курал албайт. Мына ушунун негизинен Европанын бизге таасири жок болуп жатат.

Адам укуктары боюнча алар талкуулашат, биздин регионалдык элита ага көнүп алды, адам укуктары тебеленип жатат деген аларга чымын чаккандай деле көрбөй калды. Анын үстүнө булар дагы мамилени бузбайлы деп өздөрү дагы ошондой иш-аракеттерди кылып жатышат.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG