ОШМУнун ректору профессор Мухтар Орозбеков “Азаттыкка” жиберген маалыматка караганда, аталган окуу жайда журналист кадрларды даярдоого керектүү шарттар жетиштүү. Журналистика адистиги боюнча атайын кафедра иштейт, анда 13 окутуучу эмгектенет, алардын төртөө илимдин кандидаты. Окуу планы мамлекеттик стандартка ылайык түзүлүп, анын 30 пайызы адистикке түздөн түз окуткан сабактар. Журналистика кафедрасынын алдында атайын жабдыкталган лаборатория, маданий-эстетикалык борбор жана радиотүйүн иштейт. Андан сырткары “ЭлТР”, “ОшТВ”, "МезонТВ", “Керемет”, ДДД телеканалдарынын, “Алмаз радиосунун жана бир катар республикалык, шаардык гезиттердин кабарчылары менен кызматташтык жолго коюлган. Болочок журналисттерди даярдоо үчүн жетерлик окуу базасы бар, керектүү окуу китептери, компьютердик класстар менен камсыз кылынган. Бирок журналистика боюнча кыргызча окуу китептери тартыш. ОШМУнун жетекчилиги мындай маалыматты билдирип жаткан себеби, бүгүн бул окуу жайдагы журналистика факультетинде окуган студенттер ректорго окутуу сапатын жакшыртууну, материалдык-техникалык базаны чыңдоону талап кылган кайрылуу жасашкан болчу. (KCh)