Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

19:35 Жалалабат: Губернатордун жардамчысы Өзбекстандын мамлекеттик “Press-uz.info” сайтынын макаласын төгүндөдү


11-мартта Өзбекстан аркылуу облустун Алабука районуна баратканда губернатор менен облустун башка жетекчилерин Наманган облусунун мамлекеттик автоинспекциясы коштоп жүргөн. Намангандын “Касансай” чек ара бекетинде өзбекстандык чек арачылар кыргызстандыктарды 20-25 мүнөттөй кармашып, документтерин текшеришкен. Бирок губернатор тарабынан текшерүүгө нааразылык билдирилип, өзбекстандыктарды облус аймагы тууралуу өткөрбөөгө эч кимге көрсөтмө берген эмес. Бул тууралуу губернатордун жардамчысы Талант Исмаилов билдирди. Анын айтымында “кыргыз губернатору мүнөттүк текшерүүгө чыдай албады” деген макалада айтылгандар жалган. Өзбекстандын мамлекеттик сайты кечээ губернаторду коңшу жарандарды Шаймерден жана Сох анклавдары менен Касансай суу сактагычына өткөрбөөгө буйрук берген жана анын көрсөтмөсү менен “Баймак” чек арасында Касансай суу сактагычына бараткан жана келаткан эки автобус токтотулган, андагы айдоочулар менен жүргүнчүлөр Өзбекстанга жөө кетишкен деп маалымат тараткан. (YA)

XS
SM
MD
LG