- Парламент жыл башында бюджетти бекитип атып, болгон каражатты өкмөткө бөлүп берген. Айыл-чарба министрлигине, мамлекеттик резервдер агенттигине, бардыгына. Күйүүчү майлар үчүн мамлекеттик резервдер агенттигине 205 миллион сом, буудай алганга 400 миллион бөлдүк, жер семирткичтерге 30 миллион, элиталык урукка 20 миллион, “Айыл банкка” 100 миллион бөлдүк дыйкандарга кредит үчүн. Жаңы тракторлорго 200 миллион бөлүп бердик. Бирок бүгүн тиешелүү өкмөттүк органдар 40 пайыз гана даяр. Мисалы, дизелдик күйүүчү майлар жер-жерлерге жетпей атат.
Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиги болсо учурда жазгы талаа иштери үчүн делген күйүүчү майлар толугу менен Кыргызстанга келгенин, учурда алар арзандатылган баада жер-жерлерге жеткирилип жатканын билдирүүдө. Күйүүчү майларды тартып келүү боюнча өкмөт жарыялаган тендерди жеңип алган “Кыргыз - Руснефтехим” ишканасынын өкүлү Шекербек Кошоевдин айтымында, келишимде көрсөтүлгөн 10 миң тонна дизелдик күйүүчү май убагында алып келинди:
- Мен күйүүчү майларды тартып келүү иштерин кечиктирдик деп айтпас элем. Анткени, ошол тартып келүүнүн жалпы мөөнөтү ошончого созулат.
Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Пайзуллабек Рахмановдун ырасташынча, келишим түзүлгөндөн кийин күйүүчү майдын баасы кескин көтөрүлүп кеткенинен улам, аны тартып келүүчү ишкана милдетинен баш тартып, акыры сүйлөшүүлөрдөн кийин гана 120 миллион сом зыян тартканына карабай келишимдеги баада күйүүчү майларды тартып келген.
Ошондой эле ал жакынкы арада ун кымбаттабай турганын, былтыркыдай кескин түрдө нандын кымбаттап кетишине жол берилбесин баса белгиледи:
- Эгер былтыр ундун баасы кымбаттап кеткенде 37 миң тонна ун элге арзандатылып берилген болсо, биз бүгүн 60 миң тонна ошонтип жеткиргенге даярбыз. Бирок мен айтып коюшум керек, жакынкы арада ун кымбаттабайт. Былтыркыдай баалар кескин өспөйт, ага жол бербейбиз.
Ошентсе да айрым экономисттер баалар бир көтөрүлүп алгандан кийин түшпөй турганын, мындан ары да азык-түлүккө болгон баалар кымбаттай берерин айтышууда. Мындай кептерден улам Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги оперативдүү маалымат таратып, айдап-себүү иштерине 40 миң тонна күйүүчү май талап кылынарын, ал эми Материалдык резервдер боюнча агенттик алдырып келген 10 миң тонна күйүүчү май жалпы керектелүүчү майдын үчтөн бирине зорго жетерин, андыктан элдин кыйласы күйүүчү майды кымбатыраак сатып алганга мажбур болорун билдирди.