Эл аралык валюта кору дүйнөдөгү экономикалык өсүштүн көрсөткүчтөрү боюнча өз божомолун азайтты жана Кошмо Штаттардын экономикасы жумшак рецессияга багыт алганын билдирүүдө. Валюта корунун кечээги жарыясына караганда, глобалдык экономикадагы быйылкы өсүш 3,7%ды түзүшү мүмкүн. Мунун себеби - АКШнын турак жай секторундагы төмөндөө алып келген финасылык кризис. Валюта корунун эсебинде АКШ экономикасы быйыл 0,5%га гана өсөт. Былтыр эл аралык валюта кору дүйнөлүк экономиканын быйылкы өсүшүн 4,9%деп болжогон.