Белгилүү саясий ишмер, Кыргыз ССРинин компартиясынын борбордук комитетинин мурдагы биринчи секретары Апсамат Масалиев 72 жашында дүйнөдөн кайткан. Эгер тирүү болгондо, А.Масалиев бүгүн 75 жашка чыкмак. Кыргыз эл баатырын эскерген иш-чаралар бүгүн Бишкекте анын айкелине гүл-чамбарларын коюу менен башталды. Ага өкмөт башчы Игорь Чудинов баш болгон бир топ саясатчылар, коомдук ишмерлер катышты. (TD)