Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

16:21 Эларалык Кризистик Топ: Кыргызстан тез аранын ичинде сот системасын реформалашы керек


Эгерде Кыргызстан беделдүү мамлекет болууну кааласа, анда коррупцияга баткан жана өкмөттүн көзөмөлү астында калган сот системасын реформалашы зарыл, деп билдирет Эларалык кризис тобу бүгүнкү билдирүүсүндө. Кабарда айтылгандай, Кыргызстандын сот системасы азырынча саясий талаш-тартыштарда бейтарап жана акыйкат күч катары өзүн көрсөтпөй жатат. Бийликтин көз-карандысыз бир бутагына айланышы үчүн мамлекеттин сот системасында олуттуу реформалар жүрүшү зарыл. Антпесе, анын бүгүнкү абалы чыңалуулардын күчөшүнө жана чыр-чатактардын ырбашына шарт түзөт. Эларалык кризис тобунун билдирүүсүндө айтылгандай, Кыргызстанда сотторду буга чейинки бийлик оппозицияны тыйыш үчүн колдонуп келген болсо, азыркы президент Курманбек Бакиевдин режими да сотторду өзүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонууну улантып жатат. Мисал катары отчетто 2007-жылкы парламенттик шайлоого шилтеме келтирилет. Топтун терең ишениминде, чет-элдик инвестицияга муктаж Кыргызстанда соттордун эффективдүүлүгүн арттыруу вазыйпасы эң приоритеттүү маселе болушу абзел. Аталган эларалык уюмдун аналитиги Сания Сагнаеванын айтымында: “Жумурияттын сот системасы улам күчтөнүп бараткан авторитаризмге тоскоолдук көрсөтө албады. Ар тараптуу реформа жүргүзүлбөсө, узак убакытка белгиленген плюралисттик жана туруктуу саясий системаны түзүүгө болбойт”. (TD)

XS
SM
MD
LG