Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Ж.АБДЫКАЛЫКОВ АТЫНДАГЫ АДАБИЙ СЫЙЛЫКТЫН ЭЭСИ АНЫКТАЛАТ


Бүгүн Бишкекте Жолдошбай Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыкты тапшыруу аземи болот. Улуттук китепкананын “Оту өчпөгөн талант ордосу” тарабынан уюштурулган сынакка 35 жашка чейинки акындар катышты. Анда өлкөнүн баардык аймактарынан чыгармалар кабыл алынып, тематикалык жактан чектөө коюлган жок. Уюштуруучулардын айтуусунда бул жолу өзгөчө элет жериндеги жаштарга көңүл бурулду.

Жолдошбай Абдыкалыков атындагы сыйлык 2005-жылы Жазуучулар союзунун колдоосу жана маркумдун уул-кыздарынын демилгеси менен уюшулган. Жолдошбай Абдыкалыковдун кызы Айнура Абдыкалыкова билдиргендей кыргыз адабиятынын өсүшүнө салымын кошуу максатында жана атасынын атын өчүрбөй кийинки муундарга калтыруу үчүн сынакты уюштурушкан.

Калыстар тобунун төрагасы, эл акыны Сүйүнбай Эралиев сынакка жыйырмадан ашык чыгарма келип түшкөнүн айтып, жаш калемгерлердин дараметине өзүнүн баасын берди:

-Жаштар жаман эмес, иштеп атышкан экен. Келип түшкөн чыгармаларды көрүп, жаштардын жөн эле койгулай бербестен, заманбап поэзияга жакын иштеп жатканынан кабардар болдук.

Бул жолку сынактын өзгөчөлүгү калыстар тобуна катышуучулардын аты-жөнү айтылбай номерлер менен берилген. Андыктан тааныш-тууган болуп тартып коюу деген нерселер болбой, жеңүүчүлөр калыстык менен тандалды. Сыйлыкты тапшыруу аземинде гана калыстар тобу айткан номерден жеңүүчүнүн аты-жөнү белгилүү болот деп билдирди улуттук китепкананын кызматкери Ажар Касымбекова.

Алгачкы сынакта бир гана сыйлык тапшырылса, бул жолу бир лауреат жана эки дипломантка байге ыйгарылат. Биринчи сыйлык он миң, экинчи эки сыйлыкка беш миң сомдон берилет. Андан сырткары он акындын ырлары гезит-журналдарга басылат. Алгачкы сынакта лауреат болгон жаш акын Мирлан Самыйкожо уулунун айтуусунда жаш калемгерлерге бул сыйлык чоң дем-күч берет.


Сыйлыкты тапшыруу аземи улуттук телеканалдын концерттик студиясында өтөт. Ага Жолдошбай Абдыкалыковдун жакындары, акын-жазуучулардын катышаары күтүлүүдө. Кеченин алкагында жаш акындар ырларын окушуп, маркумдун обондуу чыгармалары жаңырат.
XS
SM
MD
LG