Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

ОЛИМПИАДА ОЮНУ САЯСИЙ ОЮНГА АЙЛАНЧУДАЙ


Аида Касымалиева, Прага Олимпиада --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/04/3124104A-D411-40E0-8615-C91A71DCCF64.asp оту өзүнүн дүйнө жүзү боюнча сапарында кайсы шаарга келбесин, анти-кытайлык демонстрацияларга тушугууда. Сапардын сонку аялдамасы - Американын батышында жайгашкан Сан-Францискодо да 8-апрелде элдик толкундоолор өттү. Сан-Францисколуктар эл аралык коомчулуктун көңүлүн Тибет жана Дарфур кризистерине буруу үчүн демонстрация уюштурушту. Маселени саясий жагынан алганда, дүйнөлүк лидерлерге басым көрсөтүү күндөн-күнгө өсүүдө. Саясий лидерлердин кимиси оюндун салтанаттуу аземине барбайт? Бул суроо азыр дүйнөлүк коомчулук тарабынан кызуу талкууланып жаткан кези.

Сан-Францисконун шаар башчылары Парижде жана Лондондо орун алаган демонстранттар менен милициянын ортосундагы кагылышуулар бул жерде да кайталанбасын деп, Олимпиада отун шаардан тымызын алып чыгып кетишти. Бул Кытай үчүн дагы бир катуу сокку болду. Ал эми толкундоолордун токтоп калчу түрү жок.

Олимпиада оту эми өз сапарын Индиянын Нью-Дели жана Индонезияын Жакарта шаарларында улантат. Аталган шаарлардын жетекчилиги катуу камылгаларды көрүп, Жакарта болсо алдын ала такталган эстафетанын жолун кескин түрдө кыскартты.

10-апрелде Далай Лама Токиодо өткөн маалымат жыйынында Олимпиада оюндарынын Кытайда өтүшүн колдоорун билдирди:

-Парижде жана Лондондо өткөн толкундоолорду көрүп, Сан-Францискодогу тибеттиктерден “зордук-зомбулукка барбагыла” деп өтүнгөм. Албетте өз ойлорун билдиришеби же жокпу алар өздөрү чечишет. Эч кимдин аларга “оозуңарды жапкыла” деп айтууга укугу жок.



Олимпиада оту өчпөйт.

Кытай башчылары болсо, башаламандыктарга жана чагымдарга карабай, Олимпиада отунун эстафетасы бузулбастан, кайра Бээжинге кайтып келиши керек деп бекем турушат. 9-апрель күнү Эл аралык олимпиадалык комитеттин жетекчиси Жан Рогге (Jaacques Rogge) да демонстранттардын кийлигишүүсүнө карабай, Олимпиада оту өзүнүн дүйнө жүзү боюнча сапарын уланта берээрин тастыктады.

Жак Рогге буга кошумча Олимпиада оюндарына катыша турган спортчуларга да кайрылды. Ал сөз эркиндиги эң манилүү укук экенин айтып, бирок ошого карабастан спорт оюндарын саясатташтырбоого үндөдү:

- Олимпиадалык хартиянын 51.3-эрежеси боюнча Олимпиада өткөн жерде же аянтта ар кыл демонтстрацияларга, саясий же расалык чагымдарга тыюу салынат.

Салатанатуу аземге саясий лидерлер катышабы?

Буга чейин кайсы бир спортчуга оюндарга бойкот жарыяла деген чакырык боло элек. Бирок саясий лидерлерге басым жасалууда. Британиянын премьер-министри Гордон Браун (Gordon Brown) оюндарга катышпастыгын билдирди, ал эми Франциянын президенти Николя Саркози (Nicholas Sakozy) ойлонууда.

Вашингтондо Деморатиялык партиянын атынан президенттикке талапкер Барак Обама АКШнын президенти Жорж Бушту оюндардын салатанаттуу ачылышына катышпоону чакыргандарды колдоду. Обаманын ою боюнча Кытай биринчиден Дарфурдагы геноцидди токтотууга жардам берип, Тибет элинин укуктарын сыйлашы керек.

Ансыз деле кыйын кырдаалга кошумча бүгүн кытай жетекчилери оюндар өтүп жаткан кезде спортчуларды жана чет өлкөлүк журналисттерди уурдоого багытталган кутумду ачыктаганын айтышты.

Кытайдын Коомдук коопсуздук министри 35 адам камакка алынгандыгы тууралуу маалымдады. Бул кутумдун артында тыюу салынган Чыгыш Түркистан Исламчыл Кыймылы турат деп күнөөлөшүүдө бул уюмду кытайлыктар.
XS
SM
MD
LG