Тарыхый маалыматтарга караганда, иудей динин тутунган жөөттөр Борбор Азияда 2 миң жылдан ашуун убакыт мурда пайда болгон. Борбор Азия жөөттөрүнүн көбү Бухарада жашайт. Өзбекстандык иудейлердин Чабад- Лубавич кыймылын Аби Дауд Гурьевич жетектейт. Ал Өзбекстанга 1990-жылы үй-бүлөсү менен көчүп келген жана жыл сайын каттоосун узартып туруусу шарт.
Өзбекстандын Адилет министрлиги 5-апрелде Абу Дауд Гурьевичти каттоону жаңылоого зарыл документтерди өз маалында бербеди, кыймылдын каржы булактарын жашырууда, Гурьевич “мен Өзбек Республикасынын мыйзамдарынан тыш адаммын деп айтууда» деп күнөөлөп, аккредитациясын узартпай коюшу мүмкүн экенин эскертти. Аны улай эле өкмөттүк гезиттер раввиндин мыйзам бузганын ырастаган кабарларды басып, «ушундай адам жөөт жамаатын жетектей алабы?» деп жазып чыгышты.
Гурьевич «Азаттык» радиосунун өзбек кызматына берген интервьюда, аны мыйзам бузду деген кабарлар бүтүндөй калп экенин билдирди:
-Биздин аккредитациянын узартылышын күтүп жатканыбыз чындык. Калган кабарлардын эч биринде бир грамм да, бир грамм да чындык жок.
Виза чатагынан улам Гурьевич Бухара жөөттөрүнүн дүйнөлүк конгрессинин төрагасы башындагы жүз ашуун делегатты Бухарага жана Самаркандга коштоп бара албай калган. Ал министрликтин Диний иштер башкармалыгынын башчысы Жалол Абдразаковго 4-апрелде кайрылып да виза эмне үчүн кечиктирилип жатканын биле алган эмес. Гурьевичтин айтымында, Адилет министрлиги мурда да аны ушинтип кыйнаган экен:
- Алар, тилекке каршы, соңку жылдары «визаны карап жатабыз» деп, виза берүүнү көп кечиктирчү болушкан.
Совет өкмөтү кулаган 1991-жылы Өзбекстанда 40 миңдей бухаралык жөөт жашаган. Израилге, АКШга жана башка жактарга көчүп отуруп, азыр алардын саны 20 миңге жетпейт.
Дин жөнүндөгү 1998-жылкы мыйзам боюнча, Өзбекстандагы иудейлердин диний жетекчилиги жоюлган. Ага кошо раввиндер даярдалчу диний мектептер да жабылган. 2006-жылдын февралында ташкендик жөөттөрдүн лидери Авраам Ягудаев табышмактуу жагдайда автомобиль кырсыгына кабылып, мерт болгон. Андан эки айдан кийин Гурьевичтин катчысы жана анын энеси киши колдуу болуп өлгөн.
Сүрөт nevskiy.orthodoxy.ru интернет баракчасынан алынды.