Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:27

АБАКТАГЫ ӨЗБЕК АКЫНДЫН АБАЛЫ ТЫНЧСЫЗДАНДЫРАТ


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Өзбекстанда өкмөттү сындап келген диссидент акын Юсуф Жума жана анын уулу Бабурдун соту 8-апрелде кийинкиге жылдырылды. Жума менен анын баласы өткөн жылы декабрда Бухара шаарында өзбек президенти Ислам Каримовдун бийлигине каршы нааразылык иш-чара өткөргөн соң камакка алынган эле. Акындын аялынын айтымында алар абакта уруп-согууларга тушугушкан.

Өткөн декабрдын башында 50 жаштагы Жума жана анын үйбүлөсү ары-бери машина айдап нааразылык акция өткөрүшкөн. Алар унаасына Каримовдун кызматтан кетишин талап кылган сөздөрдү жазып алып Бухара шаарын кыдырышкан. Жума Өзбекстандагы Конституциялык сотко өлкө башчысы үчүнчү ирет талапкер болуп жатканын айыптап, аны соттоо керек деп кат да жолдогон.

Бул Жуманын биринчи эле нааразылык иш-чарасы эмес эле. Бийликти сындап келгени менен белгилүү Жума өткөн жылы Каримовду жана өзбек бийлигин сындап ыр жазган. Өзбектерди “кулчулуктун” калдыктарынан арылууга чакырган чыгармасы үчүн 2001-жылы абакка алынган. Ага берилген он жылдык жаза мөөнөтү эл аралык коомчулуктун кысымы менен кыскартылган.

Бул жолу Жума уулдары 25 жаштагы Бабур жана 22 жашар Машраб менен абакта отурат. Машраб өткөн жылы тентектик кылды деген айып менен камалган. Жуманын туугандары жана укук коргоочулар өзбек бийлиги акындын оозун жабуу максатында ушундай аракеттери жасап жатат деп айтып келишет.

Анын адвокатынын билдиришинче Жума менен уулу Бабур күнөөлүү деп табылса, өзбек мыйзамдарына ылайык беш жылга чейин кесилиши ыктымал.

Акындын аялы жана дагы башка үч баласы былтыр декабрда Жума менен уулдары камакка алынаары менен Өзбекстандан качып кетишкен. Анын жубайы Гүлнара да декабрдагы нааразылык чарага катышкан. Азыр жашаган жерин жашырып жүргөн Гүлнара “Азаттыктын” өзбек кызматына камактагы күйөөсү кыйноолорго тушугуп жатканын айтат:

- Абакта отурганына беш айдын жүзү болуп калды. Жүрөгү ооруганына байланыштуу эки гана жолу догдурга барды. Болбосо, ал бир кишилик тар камерада камалууда. Аны көргөн адамдар запкыдан улам таанылгыс болуп калганын айтышты. Эгер ал бошотулбаса, каза табышы деле ыктымал.

Гүлнара уулдарынын абалы да атасыныкындай оор экенин айтат. Жашырынып жүргөн Жуманын улуу баласы Алишер атасы менен инилеринин тагдырына кабатыр болуп турган чагы:

- Биздин үйбүлө ар дайым Каримовдун режимине каршы болуп келген. Биз каршылыгыбызды 23-декабрдагы президенттик шайлоо алдында күчөткөнбүз. Мен азыр эмне кылышты билбей турам. Каримов атамды өзүнүн жеке душманы катары көрөт жана аны зындандан чыгарбай коюшу толук ыктымал. Бирок Каримов Евробиримдик жана Америка менен мамилесин жакшырткысы келет, ушундан улам атамды кое бериши деле ажеп эмес. Ким билет? Бирок ал атам менен иним Бабур кое берген күндө деле атамды ооздуктоо үчүн иним Машрабды өзүнүн “концлагеринде” кармай берет ко.

Жума менен анын уулу Бабурдун соту Евробиримдиктин Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташуусуна арналган Ашхабаддагы жыйындын алдында болду.

Эмнести Интернешнл жана Хьюман Райтс Уотч сыяктуу эл аралык уюмдар дүйнө коомчулугу бул аймактагы адам укугу жаатындагы абалды жакшыртуу көмөк кылышы керектигин белгилеп келишет.

Хьюман Райтс Уотч уюму Евробиримдик Өзбекстандагы кесилген укук коргоочулардын, күнөөсүз камалгандардын бошотулушу жана атуулдук коомду кысмакка алуунун токтотулушу үчүн кескин чараларды көрүшү керектигин билдирген.

Хьюман Райтс Уотч эл аралык уюмунун Борбор Азия боюнча адиси Андреа Берг Евробиримдик Анжиян окуясынын кийин салынган чектөөлөрдү кайра жандандырышы керек деп эсептейт:

- Евробиримдик берген сунуштарды Өзбекстан аткармайынча чектөөлөр кайра калыбына келтирилиши керек.

Евробиримдик Өзбекстанга чектөө киргизүү маселесин ушул айдын этегинде карамакчы: Брюссель былтыр октябрда чектөөлөрдүн айрым бир бөлүгүн убактылуу токтоткон болчу.

XS
SM
MD
LG