Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

ТАЖИКСТАНДА ЭҢ БАЙ 100 АДАМДЫН ТИЗМЕСИ ЖАРЫЯЛАНДЫ


Аида Касымалиева, Прага Тажикстанда эң бай 100 адамдын тизмеси жарыяланды. Атактуу “Форбс” сымал бул тизменин Бобор Азиянын эң жакыр өлкөлөрүнө кирген Тажикстанда жарыяланышы абдан кызыктуу. Тизме боюнча Тажикстандык эң бай адамдар - мамлекеттик кызматкерлер. Расмий түрдө алардын айлыгы $100 долларга жакын жана эч кимисинин бизнеси жок. Бул “жаңы тажиктер” байлыктарын кандай жолдор менен топтошкон?

Көз карандысыз Авеста (Avesta) агенттиги жарыялаган “Эң бай 100 тажик” тизмесинде министрлер, парламент мүчөлөрү, айтор мамлекеттик чоң кызматты ээлген адамдар басымдуулук кылат.

Авестанын маалыматы боюнча Тажикстандын бай адамдары расмий түрдө өздөрүнүн мүлкү тууралуу маалыматты жашырышат. Себеби алар салык төлөгүлөрү келишпейт. Аларда канча байлык бар экенин билүү дээрлик мүмкүн эмес. Мына ошондуктан тизме адамдардын аттарынын биринчи тамагасына карата түзүлгөн.

Атактуу “Форбско” окшогон бул тизмеге мурдагы оппозиция лидерлери демократ Махмадрузи Искендеров (Mahmadruzi Iskandarov) жана Мырза Зиеевдер (Mirzo Ziyoev) да киргизилген.

Тажикстандагы мурдагы Элдик фронттун экс-башчысы Якуб Салимов жана 1990-жылдардагы Тажикстандагы жарандык согуш учурунда оппозицияга каршы күрөшкөн Гаффар Мирзоев да бул тизмеде.

Аталган төрт мырза 1997-жылкы жарашуудан кийин бийик кызматтарга жетишишкен. Бирок Зиеевден башкасы тажик президенти Имомали Рахмон менен алакалары бузулугандан кийин камалышкан.

Депутат жана Исламчыл оппозициянын көрүнүктүү мүчөсү Хожи-Акбар-Туратжанзада (Hoji-Akbar Turajonzoda) да бул тизмени толуктады. “Азаттык” үналгысынын Тажик кызматына берген интверьюсунда, ал өз байлыгын башкаларга окшоп жашырбай турганын айтты:

- Акча жөнүндө сурачу болсоңор, менин эсебимде $1 миллион доллар жок. Ооба, мен пахта заводунун кожоюнумун – бул завод абдан кымбат турат. Көп жылдар мурун аны $100 000 долаарга сатып алгам. Айылымда сонун үйүм бар. Советтер Союзу учурунда Дүйшөмбүдөн эки квартира алып койгом. Бирок аларды эки уулума берип койгом. Эгерде булар абдан чоң байлык деп эсептелсе, Кудайга шүгүр, мен бай экенмин да.

Туратжанзада өзүнүн жеке ишканасынан жылына $200 000 доллар пайда көрөөрүн айтты.“Жаңы тажиктер” деген атка конгон калган байлар өздөрүнүн мүлкү тууралуу маалыматты ачыктагылары келишпейт. Себеби расмий түрдө алардын бизнеси жок.

Ал эми Борбор Азиянын эң жакыр өлкөлөрүнүн катарына кирген Тажикстанда айлык маяна орто эсеп менен $35 долларды түзөт. Министрлер расмий түрдө $100 доллардай алышат.

Тажикстандагы экономикалык реформа партиясынын лидери Алим Бабаев (Olim Boboev) көпчүлүк өкмөт мүчөлөрү, аткаминерлер жана алардын туугандары, достору мамлекеттик ири ишканларды күлкү келээрлик аз акчага менчиктештирип алышкан дейт.

2007-жылы Бириккен Улуттар уюмунун өнүгүү программасы тажик Стратегиялык иликтөө борбору менен биргеликте иликтөө жүргүзүп, өлкөнүн эң көйгөйлүү проблемаларын аныктаган. Ал иликтөө боюнча эң башкы проблема - бул паракорлук. Коррупция өкмөткө, күнүмдүк жашоого эң жаман таасирин тийгизет жана реформаларды жайлатат, коомдун моралдык жактан деградацияга алып келет.

Тажикстандык эң бай адамдардын тизмесин түзгөн Авеста маалымат агенттиги басылманы даярдоодо адамдардын үйлөрүн, автоунааларын, ишканаларын жана башка мүлктөрүн санаган. Атүгүл адамдын кымбат ресторандарда тамактанышы да эске алынган. Бул тизмеге чет өлкөдө жашаган жана байлыгын баңги зат аркылуу топтогон тажиктер кирген эмес.

Сүрөттө Тажикстандагы эң бай адамдардын тизмесине кирген депутат жана Исламчыл оппозициянын көрүнүктүү мүчөсү Хожи-Акбар-Туратжанзада.

XS
SM
MD
LG