Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

БИЗ ЭМНЕБИЗ МЕНЕН ЭЛБИЗ?


Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

"... 49 жыл деген эки муундун өкүлү. Жылма мамилеге алданып кезинде Каракоңуз, Кордойдон айрылганбыз. Беш жылдыздуу эле мейманкана кургуң келсе өзүбүзгө бер, эсеби маселең, ошол эле Аскар Салымбековго, Данияр Үсөновго, Кубатбек Байболовго жа Максим Бакиевге бер. Барктабасов Урматка бер. Бабаларыбыз бекеринен “кийиз сатсаң өзүңө сат, бир өңүрүн жамынганга” деп айтпаган. Казак боорубузга өмгөктөгүдөй эмне жамандык өтөдүк? 30-жылдары жеринен азып-тозгон казакка жалгыз эчкисинин сүтүн баласына бербей саап берип баккан кыргыз эле го! Биз кайсыныбыз менен элбиз? Албетте жерибиз, суубуз, көлүбүз, элибиз менен. Электр энергиябыз менен элбиз. Президент кыргыздын байлыгын “жарымы жалган, жарымы чын” “Ак жол” менен эмес бүткүл кыргыз эли менен кеңешип чечиши керек. Биз биргелешип Акүйдү эмес Ата Журтту колдошубуз керек",- деп жазды журналист Дүйшөн Керимов “Агым” гезитине .

Ушул эле санга Ысык-Көлдөгү пансионаттарды коңшу мамлекеттердин менчигине бербей, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөрүүнү өзүңүздүн жеке көзөмөлүңүзгө алууңузду сурайбыз деген Кайрылуу катка Б.Акунов, Ж.Каныметов, Иманалиева, Кыдыров жана башка 17 коомдук ишмер кол коюп президент К.Бакиевге багышталганы басылды.

“Аалам” гезити М.Садыркулов казактар менен Каркыра, Таластагы карьер боюнча түзүлгөн жер келишимин кабыл албоого азыркы бийлик позициясын билдире албай, эки анжы саясатка башын оорутуп жатканын, эгер бул талаш жерлерди парламент бекитсе ажо кол коерун, анда эле Үзөңгүкуушка Акаев кол койгон иш-чара кайталанарын, бул кооптуу көрүнүш болорун, тарых кечирбестигин белгилеп, ушуга катар М.Садыркуловдун “Ак Жолду” уюштурганы, анын колу менен казактарга Каркыраны, пансионаттарыбызды өткөрсө “казак казака тартабы?” дегендей логика жараларын, түштөн кийин Садыркуловду сааштын деле кереги жогун, анткени 4 пансионаттын казактарга ыкташына бир кезде Д.Үсөнов кол койгонун каңкуулап жатышканын кеп кылды.

Жер көйгөйү жөнүндө “Жаңы ордо” гезитине берген интервьюсунда депутат Ж.Жээнбеков да сөз кылып, жерди экинчи бир мамлекетке өткөрүп берүүгө келгенде өтө этият болушубуз керек. Акаевдин түбүнө Үзөңгүкууш жеткен, учкун ошол жерден тутанган. Ысыккөлдөгү жерлерди казак баурдастарга берүү керекпи же... деген маселеге келсек, менин түшүнбөгөнүм, президент жокто администрациянын чиновниктери бир жактуу “жерди бериш керек” деген саясат жүргүзүп турушту. Менин пикирим жерди сатпаш керек, арендага беришибиз мүмкүн” деп айтты.

“Новый Кыргызстан” гезити “Корей инвесторлорун кыргызстандык аткаминерлер кантип алдады же эмне үчүн кичи автобустар аз?” деген суроо коюп, мындан бир топ ай мурда Бишкек мэри Д. Үсөнов шаардыктардын транспортко болгон маселеси чечилет, ай сайын борборго 10дон 20га чейин жаңы автобустар келип турат деп айтканын эске салып, “Түштүк Корея инвестициялык фонддун президенти Жумакадыр Акенеевден “Эмне үчүн кореялык инвесторлор Бишкекке автобус берүүнү токтотуп салышты?” деп сураганда ал, өткөн жылдын октябрында 800 автобус алып келүү тууралуу Бишкек мэриясы менен келишим түзүлгөнүн, ага ылайык автобусттардан бажы төлөмү менен кошумча нарк салыгы алынбай тургандыгы каралганын, бирок келишимдеги бул пункт менен бажычылар таптакыр макул болбой койгонун, ошондуктан автобустарды алып келүү токтогонун айтып жооп берген.

Расмий маалыматтарга ылайык христиандар Кыргызстандын аймагына отурукташып, алгач чиркөөлөрүн ачкандан 91-жылга чейинки мезгилде же 150 жылдай убакыттын ичинде 9 христианин исламды кабыл алса, 8 кыргыз православиеге өткөн. Ал убакта бул эки динден башка иудаизм, протестанттар, католиктер, буддисттердин өкүлдөрү болгон. Бирок алар башка диндегилерди өз диндерине кирүүгө үгүттөө иштерин жүргүзүшкөн эмес деп баяндаган “Кыргыз туусу” гезити аркылуу гезит баяндамачысы Папан Дүйшөнбаев, азыр Кыргызстанды кытайлардын товарлары гана эмес дүйнөдөгү диний уюмдардын, секталардын, агымдардын, багыттардын өкүлдөрү каптап кеткенин, каттоодон өтүп алган 2163 диний уюм болсо алардын 1786сы исламга, 361и христианчылыкка, 14 жаңы диний агымдарга тийиштүүлүгүн, болжолдуу маалыматтар боюнча башка диндерге өткөн кыргыздардын саны эбак эле 3-4 миңден ашып кеткенин, эгер бул боюнча эмитен мыйзам кабыл албаса жалпынын үйү болгон Кыргызстан жер жүзүндөгү диний агымдардын тажрыйба жүргүзө турган питомнигине айланарын жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG