Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:35

14:20 Парламентте Ысыккөлдөгү пансионаттарга байланыштуу эки мамлекеттин ортосундагы макулдашуу карала баштады


Бул маселе боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Турсун Турдумамбетов баяндама жасады. Анын айтуусунда көл жээгиндеги төрт пансионатты Казакстандын карамагына өткөрүп берүү тууралуу келишим 2006-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Феликс Кулов тарабынан кайра чакыртылып алынып, кайрадан түзүлгөн. Бул вариантында пансионаттар турган жерлер казак тарапка берилбейт. Мындан тышкары бул келишим боюнча казак тарап пансионаттарды жакын арада көп жылдыздуу мейманкананын деңгээлине жеткирип, анда эмгектене турган кызматкерлердин көпчүлүгүн кыргызстандык жарандардан түзүүгө милдеттенме алган. Ошондой эле бул пансионаттардан түшкөн салыктар Кыргызстандын бюджетине калат, ал эми 49 жылдык мөөнөтү бүткөндөн кийин эл аралык деңгээлге жооп берген эс алуу жана конок үйлөрү Кыргызстандын карамагына өтөт, дейт Турсун Турдумамбетов. (ZKo)

XS
SM
MD
LG