Мындай пикирин билдирген депутат Жээнбеков мисал катары Өзбекстанга мурда түрдүү мөөнөттөргө берилген аймактарды келтирип кетти. Анын айтуусунда Кыргызстан бул жолу да 49 жылдан кийин кайрадан пансионаттардын алдындагы жерди ала албайт. Депутат макулдашуу туура эмес түзүлүп калган, деп эсептейт. Парламенттин спикери буга түшүндүрмө берип, сөз болуп жаткан төрт пансионат курулган жер 49 жылдык мөөнөткө гана берилип жаткандыгын кошумчалады. (ZKo)