Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

БЭЭЖИН ОЛИМПИАДАСЫНА КЫРГЫЗ ТУУСУН РУСЛАН ТҮМӨНБАЕВ КӨТӨРҮП БАРАТ


Бээжинде өтө турган 29-олимпиадалык оюндарга Кыргыз туусун грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев көтөрүп барып, өлкө намысын коргойт. Кыргыз жигиттеринен биринчи болуп Бээжин олимпиадасына жолдомо алган грек- рим күрөш боюнча Азия чемпиону, 15-Азия оюндарынын коло байге ээси Руслан Түмөнбаев да олимпиаданын алтын байгеси үчүн аракет кылаарын “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Быйыл август айында өтө турган жайкы олимпиадалык --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/04/05F609B3-1081-43BB-A290-DE990BFFDB5E.asp оюндарга балбан Руслан Тумөнбаевдин даярдыктары кандай? Бээжин олимпиадасында анын негизги атаандаштары кимдер?

Бээжинде өтө турган олимпиада оюндарга кыргызстандык спортчулар учурда 11 жолдомо жеңип алган болсо, алардын экөө гана кыргыз жигити. Экөөнүн бири жакында эле Түштүк Кореянын Дежу шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында Азиянын алтын байгесин утуп, Бээжин олимпиадасына жолдомо алган Руслан Түмөнбаев тууралуу спорт күйөрмандарына кененирээк баяндап берүүнү эп көрдүк.

Кыргызстандык спорт күйөрмандарын сүйүнткөн грек- рим күрөшү боюнча 15-Азия оюндарынын коло байге ээси Руслан Түмөнбаев болду. Ал 60 кг салмакта күч сынашып, бардык атаандаштарын утуп, Азия чемпиону аталып, алтын медаль тагынды. Ошондой эле Русланга Бээжин олимпиадасына жолдомо да ыйгарылды.
Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев алдыдагы максаты Бээжин олимпиадасында Кыргызстандын намысын коргоп, байгелүү орунга жетүү экенин “Азаттыктын” кабарчысына билдирип, “Азия чемпионаты курч мүнөздө өттү, атаандаштарым абдан күчтүү болду. Эмки максат Бээжиндеги олимпиадалык оюндарда мөрөй алып, байгелүү орунга жетүү”, - деп айтты Руслан Түмөнбаев.



Данияр Көбөнов, Каныбек Осмоналиев жана Руслан Түмөнбаев

Өлкөнүн грек- рим күрөшү федерациясынын президенти Бейшен Абилдаевдин пикиринде Бээжин олимпиадасында Кыргызстандын намысын коргой турган Руслан Түмөнбаевдин даярдыгы үчүн федерация жетекчилиги бардык шартты түзүп берүүдө:

- Айрыкча грек-рим күрөштөн Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев баш байгеге талапкерлердин бири болушу мүмкүн. Бээжин олимпиадасына даярдык көрүү үчүн мамлекетик агенттик менен бирге Русланга бардык шарт түзүп берүүгө аракет кылып жатабыз.

Руслан 2006-жылы Дохада өткөн 15-Азия оюндарындагы таймашууда жарым финалга чейин жетип коло байгелүү болуу менен Азиянын мыкты балбандарынын катарына кошулган. Руслан 21 жашта. Баралына келип, толуп турган убагы. Беш жылдан бери Кыргызстандын намысын коргоп, тандалма команданын катарында жүрөт. Анын алгачкы машыктыруучусу өлкөгө эмгек сиңирген устат Амиркул Молдобаев. Ошондой эле Руслан былтыр Бишкек шаарында өткөн Азия чемпионатында жарым финалга чейин жетип, Азиянын коло медалын тагынган.

Балбан жигит Руслан беш бир туугандын ортончусу. Агасынын жолун жолдоп иниси Алмаз да грек-рим күрөш менен машыгып, жаштар арасында өлкө чемпиону болгон. Ата-энеси менен бирге Бишкек шаарында жашайт. Руслан да Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинде үчүнчү курсунда окуйт. Ошондой эле Руслан Түмөнбаев уландар, чоңдор арасында Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону да болуп саналат. Ал салмагын түшүрүп, табын кармап 60 кг салмакта өлкө намысын коргоп келатат:

- Жакында эле Түштүк Кореяда Азия чемпионаты курч мүнөздө өтүп, финалда негизги атаандашым утуп, алтын медалдын ээси болдум. Ошондой эле мага Бээжин олимпиадасына катышууга жолдомо берилди. Учурда Ысыккөлдө магышууда болуп келдим. Түркияда өткөн мелдешке да барып, даярдык көрүп жатам. Эмки максат Бээжиндеги олимпиадалык оюндарда мөрөй алып, чемпион болуп, олимпиадалык алтын медаль тагынуу”, - деп айтты Руслан Түмөнбаев.



Данияр Көбөнов, Руслан Түмөнбаев, Бектур Асанов

Өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу Эмил Алыкулов пикиринде Руслан Түмөнбаев кыргыз балбандарынын чыныгы жүзүн, чама-чаркын быйыл жайында Бээжинде боло турган жайкы олимпиадалык оюндарда көрсөтөт. Себеби ал максатына жетүүгө дилгир өжөр жана мээнеткеч балбан. Учурда Ысыккөлдө машыгууларды өткөрүп, даярданып жатабыз” деп “Азаттыкка” телефон аркылуу билдирди Эмил Алыкулов:

- Ошондой эле Бээжинде балбан Руслан Түмөнбаев баш байгеге талапкерлердин бири болушу толук ыктымал. Себеби ал максатына жетүүгө дилгир өжөр жана мээнеткеч балбан.

Жыл аягында Дене тарбия жана спортту координациялоо боюнча улуттук кеңеш тузүлүп, төрагалык тизгинди президент Курманбек Бакиев өзү колго алып, Бээжин олимпиадасына даярдык көрүүнү көзөмөлгө алууга убада берген. Бирок эмдигиче бир дагы жыйын болгон жок. Ошондой эле Бээжин олимпиадасында жеңип мөрөй алууга шыктандырган өкмөттүк сыйлыктар, байгелер эмдигиче белгилене элек.

Грекияда жагылып жолго чыккан олимпиада оту эстафета менен колдон колго өтүп 5 континентти аралап жүрөт. Олимпиада оту Бээжинге 8-августта Олимпиада оюндарынын ачылышына жеткирилет. Ага дейре Олипиада оту дүйнөнүн беш континентиндеги 20 өлкө аркылуу өтүп, 137 миң чакырым жол басып сапарын улантууда. Учурда дүйнө коомчулугунун көңүлү Бээжинде өтө турган олимпиадалык оюндарга бурулуп турган мезгили.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG