Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

17:14 Жалалабаттыктар да Элдик курултайга катышканы борборго кетишти


“Акыйкат үчүн" кыймылы менен Коомдук парламент уюштуруп жаткан эртеңки курултайга “Асаба", “Ата Мекен" партиялары менен бейөкмөт уюмдардын отузга жакын мүчөлөрү катыша турган болду. Мындай маалымат аталган партиялардын облустагы жетекчилеринен алынды. “Асабачы" Бекмолдо Чотоновдун айтымында, өлкөдөгү мүлк-байлык, жердин ээси эл болгон соң, көл кылаасындагы пансионаттарды 49 жылга ижарага берүүнү, Каркыра жайлоосунун тагдырын кыргызстандыктардан сураш керек болчу. Советтер биримдиги маалында да эч кимден суралбай туруп, Кемпирабат суу сактагычы жана Ноокен, Аксы райондорунун чек арадагы жерлери Өзбекстанга өтүп кеткен. Көлдөгү эс алуу жайларынан кийинчерээк ошентип кур жалак калбасак болду, деп айтты ал. “Ата мекен" партиясынан курултайга катышчу делегаттар баалардын кымбаттап, жер жана энерго каражаттардын сатылышына каршы болушту. (YA)

XS
SM
MD
LG