Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

КЫТАЙ ОЛИМПИАДАНЫН АЛДЫНДА УЙГУРЛАРГА КЫСЫМЫН КҮЧӨТҮҮДӨ


Аида Касымалиева, Прага - Кытайдын коопсуздук министри 45 адамдын камалгандыгы тууралуу маалымдады. - Бул кутумдун уюштуруучусу – уйгурлардын Чыгыш Түркстан Исламчыл Кыймылы, дейт кытайлык тарап. - Уйгур укук коргоочулары, тескерисинче, Кытай жөн гана Жинжандагы буга чейин орун алган кысым көрсөтүүнү ого бетер күчөттү деп айтышууда.

Бейшембиде (10 апрелде) Кытайдын бийлик өкүлдөрү Олимпиада оюндары учурунда спортчуларды жана чет өлкөлүк журналисттерди уурдоону көздөгөн кутумду ачыктаганын билдиришти. Коомдук коопсуздук министри 45 адамдын камалгандыгы тууралуу маалымдады. Бул кутумдун уюштуруучусу – уйгурлардын Чыгыш Түркстан Исламчыл Кыймылы, дейт кытайлык тарап. Ал эми уйгурлардын активисттери мындай далилсиз билдирүүлөрдү четке кагышууда. Алардын айтымында, Олимпиада оюндарынын алдында Кытай 10 миллиончо калкы бар бул азчылыкты ого бетер кысымга ала баштады.

Бээжиндин расмий өкүлдөү август айына белгиленген Олимпиаданы утурлай 2 “террористтик” топ кутум уюштуруп жаткандыгын ашкерелегенин билдиришти.

Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин өкүлү Ву Хепин (Wu Heping) бул топтор Жинжан аймагынын түндүк батышында жайгашкандыгын айтты. Жанкечти бомба чабуулун уюштурайын дешкен жана оюндар учурунда спортчуларды уурдап, оюндарды үзгүлтүккө учуратууга камынышкан деген шек менен 45тей адам камалды, деди Ву Хепин.

Топтордун бири – Ажы Мухаммед (Aji Muhammat) жетектеген Чыгыш Түркстан Исламчыл Кыймылы. Бул кыймыл Улуттар уюму тарабынан 2002-жылы террорчул уюм катары жарыяланган, анын «ал-Каида» менен байланышы бар экени аныкталган.

Вунун айтымында, экинчи топ да Жинжандын борбору Үрүмчүдө жана Кытайдын башка шаарларында бомба жардырууга даярданып жатышкан.

Полиция эки топтон тең жардыруучу заттарды, акчаларды, уйгурларды кытайлыктарга каршы ыйык казатка же жихадка чакырган баракчаларды табышкан, дешет Кытайдын расмий өкүлдөрү.

- Бизге чынында эле террорчулар кол салат деген коркунуч бар. Коом, дегеле баарыбыз азыр өтө кыраакы болушубуз керек.


Уйгур жикчилери мындан мурун да Чыгыш Түркстан көз карандысыз мамлекетин түзүүгө үгүттөп келишкен. Себеби Жинжан уйгур автономдук аймагы Пакистан, Ооганстан жана Борбор Азия менен чектешет. 10 миллиондуу калкы бар жана мунайга бай бул провинциянын көпчүлүк эли мусулмандар. Маданий жана диний жактан алып карганда уйгурлар Борбор Азия мамлекеттериндеги түркий элдерге жакын. Кытайдын түндүк чыгышында жайгашкан Жинжанды Кытай 1949-жылы басып алган.

Уйгур укук коргоочулары, тескерисинче, Кытай жөн гана Жинжандагы буга чейин орун алган кысым көрсөтүүнү ого бетер күчөттү деп айтышууда.

Швецияда жайгашкан Дүйнөлүк уйгурлар конгрессинин расмий өкүлү Дилшат Рашит расмий Бээжин Олимпиада оюндарына шылтоолоп, уйгурларды кысым көрсөтүүдө.

- Олимпиада учурундагы коопсуздукту сактоо үчүн деген шылтоону жамынып алып, Кытай уйгурларга каршы саясий куугунтукту баштады. Ошондуктан Олимпиада оюндары - уйгурларга кысмак көрсөтүүгө оңтойлуу шылтоо.

Акбар Бауддинов Бишкекте жайгашкан уйгур тилиндеги “Иттипак” гезитинин башкы редакторунун орун басары:

- Кытайда өтчү Олимпиаданын шылтоосу менен шектенип жүргөн адамдарды кармап кетип түрмөлөргө салышууда. Оюндардын алдында айрыкча текшерүү күчөдү.

Жакында Олимпиада отунун дүйнө жүзү боюнча сапарынын мезгилинде Сан-Франциско, Лондон жана Париж шаарларында Кытайдын Тибеттеги саясатына каршы толкундоолор өттү. Уйгурлар тибеттиктердей эле демонстранттардын арасында жүрүштү.

XS
SM
MD
LG