Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКА КЫЙЫН КЕЗЕҢГЕ ТУШ КЕЛДИ


Өнүккөн жети өлкөнүн – АКШ, Британия, Германия, Франция, Италия, Канада жана Япония - финансы министрлери менен борбордук банк жетекчилери дүйнөлүк экономика кыйын кезеңге туш келгенин ырасташты. Алардын кошмо билдирүүсүндө жакынкы аралыкта экономикалык --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/60880A29-8EEF-4DB2-93F2-B54A1A938E58.ASP өнүгүү дагы басаңдай турганы, бирок бир-эки жылдан соң кайра жогорулашы ыктымал экени айтылат.

Өнүккөн жети өлкөнүн финансы министрлери менен борбордук банк жетекчилери кредиттик кризиске каршы күрөштүн 100 күндүк планын иштеп чыгышты. Документте финансы компанияларына жарым жылдык отчетторунда бир кыйла опурталдуу делинген инвестицияларды толук баяндоо талабы коюлат. Мындан тышкары аларга өз активдерин, алардын наркын туура жана так көрсөтүү сунуш кылынды.

Билдирүүдө доллардын наркы төмөндөп баратканына кооптонуу айтылат. Бирок валюта рыногундагы интервенциялар тууралуу конкреттүү эч кандай сунуштар айтылган жок. Көптөгөн эксперттер менен байкоочулар Вашингтондогу бул жолугушуудан ушундай кадамдарды күтүшкөн эле.

Жолугушууда азыркы кыйын кезеңге Кошмо Штаттарындагы ипотека кредитинде тутанган кризис себепчи болгону бышыкталды. АКШнын Федералдык казынасынын катчысы Генри Паулсон кырдаал кыйындап баратканын моюнга алды, бирок америкалык экономиканын негизи бекемдигине ишендирди.

“Биз азыр кыйын учурга туш келдик, ошентсе да айрым оппоненттерге караганда мен абалга алда канча оптимисттик маанайда карайм. Менимче, баары түшүнөт деп ойлойм, биз азыр америкалык экономиканын, ал эми менин кызматташтарым - өз өлкөсүндөгү экономиканын абалын абдан кунт коюп байкап турабыз”, - деп айтты Паулсон.

Эл аралык валюта корундагы эксперттер АКШнын экономикасы быйыл жеңил басаңдоого туш болорун, кредит кризиси банктарга жана башка финансы уюмдарына бир триллион долларга чукул чыгымга турушу мүмкүн экенин эскертишти.

XS
SM
MD
LG