Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

"Крокустагы" кырсыкка байланыштуу 1700 адам жабырлануучу деп табылды


"Крокус Сити Холл" кырсыктан кийин.
"Крокус Сити Холл" кырсыктан кийин.

Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы теракта 1700 киши жабыр тарткан. Бул тууралуу Москванын Басман райондук сотунун төрт адамдын камак мөөнөтүн узартуу токтомунда айтылган. Документке "Медиазона" көңүл бурган.

Ишке байланыштуу 800дөн көп киши күбө катары өтүүдө. Тергөөнүн маалыматында, 20 объектте тинтүү жүрүп, өрт жана инженердик-курулуш, ал тургай баллистикалык 650 экспертиза дайындалган.

20 адам айыпталууда, анын 18и тергөө абагында кармалууда. Экөө сыртка чыкпоо тилкатын жазып берген, алар коопсуздук эрежеси талапка жооп бербегени үчүн кармалгандар болушу мүмкүн.

"Крокустагы" теракт 2024-жылы 22-мартта болгон. Тергөө комитетинин маалыматында, анда 144 киши каза тапкан. Алардын жарымына ок тийсе, көбү өрт чыкканда түтүнгө тумчугуп жашоо менен кош айтышкан.

Аталган жайда тейлөө кызматында иштеген кыргызстандык Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызы да кол салуудан кийин дайынсыз жоголгон. Кийин Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошкон. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аларды каза болду деп айтууга азырынча эрте деген маалымат тараткан.

Теракт үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу алган. Батыш өлкөлөрү жана АКШ терактты ушул экстремисттик топтун мүчөлөрү уюштурганын айтып келет. Орусия болсо кандуу калабаны Украинадан көргөн. Киев бул айыптоону четке каккан.

Терактты уюштурууга шектүү Тажикстандын төрт жараны сурак учурунда кыйноого кабылышы мүмкүн экени айтылган.

"Крокус Сити Холл" борборунда катталган кол салуудан кийин Орусияда борборазиялык мигранттарды текшерүү күч алган. Айрымдары өлкөгө киргизилбей, аэропорттон эле артка кайтарылган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) “Азаттыктын” суроо-талабына жооп берген акыркы катында 2024-жылдын төрт айында 282 кыргызстандык Орусия Федерациясынан өз мекенине депортация болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG