Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:10

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ: АБДЫЖАПАРОВДУН УСТАТТЫК САБАКТАРЫ


Бул жумада кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров жаш кинорежиссерлорго устаттык сабактарды өттү. Анын алкагында кинодраматургия жаатында, актерлук чеберчилик боюнча, кинорежиссура, монтаж иштери жана башка ушул сыяктуу маалыматтар берилди. Устаттык сабак бүгүн жыйынтыкталат. Ага катышкан улан-кыздар Эрнест Абдыжапаровдун көзөмөлү алдында тасма тартууга мүмкүнчүлүк алышат. Ал эми ал тасмлардын бет ачаар аземи ноябрь айында өтмөкчү.

Аптанын шаршембисинде Бишкекте Казакстандан келген Калибек Куанышбаев атындагы казак музыкалык-драма театрынын гастролу башталды. Казак артистери кыргыз көрүүчүлөрүнө Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карыттар бир күн, Мырза Гапаровдун “Кызганчаак аялдардын кечи”, Дуулат Исабековдун “Актриса”, америкалык драматург Дельмардын “Баянсыз бак”, казак драматургу Абдижамил Нурпейисовдун “Кан менен тер” оюндарын сунушташты.



Калибек Куанышбаев атындагы музыкалык-драма театрынын артистери Кыргызстанга алгачкы ирет келишүүдө. Аталган театрдын жетекчисинин орун басары Бейбит Бахтыгереев “бул сапарыбыз кыргыз-казак театр ишмерлеринин ортосундагы көпүрө болот, мындан ары карым-катышыбыз тереңделет”, - деген пикирин билдирди.

Жума күнү Бишкекте Жолдошбай Абдыкалыков атындагы сыйлыкты тапшыруу аземи болду. Улуттук китепкананын “Оту өчпөгөн талант ордосу” тарабынан уюштурулган сынакка 35 жашка чейинки акындар катышты. Калыстар тобунун билдиргенине караганда жалпысынан жыйырмага жакын чыгарма түшүп, анын ичинен жаш акындар Алтынбек Исмаилов сыйлыктын лауреаты, Манас Алымбаев, Жазгүл Жамангулова дипломанты болуп калышты. Жолдошбай Абдыкалыков атындагы сыйлык 2005-жылы Жазуучулар союзунун колдоосу жана маркумдун уул-кыздарынын демилгеси менен уюшулган.

Бишкектеги “М” галлереясында сүрөтчү Халида Шимованын эмгектеринен турган көргөзмө өтүүдө. Европалык сүрөтчүлөрдүн “Мейкиндиктеги орундалбаган кыялдар” деген темада иштелген эмгектери Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде коюлган. Анда кыл калем чеберлеринин май боектор менен тартылган сүрөттөрүнөн тышкары, инсталяция, перформанс багытындагы эмгектер, фото сүрөттөр бар.

Бул жумада Санкт-Петербургда Австралия киносунун жумалыгы өттү. Жумалык режиссер Сью Брукстун “Жапония тарыхы” деген тасма менен ачылды. Австралия киножумалыгы Петербургда үчүнчү ирет уюштурулду.

Екатеринбургда 5-апрелден тарта 9-апрелге чейин маскарапоздордун эл аралык фестивалы өттү. Ага АКШ, Франция, Бельгия, Британия жана башка өлкөлөрдөн артистер келишти. Фестивалдын алкагында Екатеринбург циркинин жетекчиси, белгилүү маскарапоз Анатолий Марчевскийдин 60 жаш мааракеси белгиленди.



Надежда Румянцева белгилүү “Кыздар” тасмасында

Орусиянын эл артисти Надежда Румянцева 78 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Маркум чыгармачылык жолунда бир катар тасмаларда роль жаратып, спекталдерде ойногон.

Италиянын Ла-Скала театрында Петр Чайковскийдин “Ак куулар көлү” балети коюлуп, анда башкы партияны Орусиянын эл артисти Светлана Захарова менен италиялык бийчи Роберто Болле бийледи. Захарованын айтуусунда аталган театр менен кызматташуу туурасында үч жылга келишим түзүлгөн.

Святослав Рихтер атындагы пианистердин экинчи эл аралык сынагы 15-июндан тарта 29-июнга чейин Москва мамлекеттик консерваториясында өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады. Сынакка 31 өлкөдөн жуздөн ашык талапкер катталып, анын ичинен 35 катышуучу финалдык турга жолдомо алган.
XS
SM
MD
LG