Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:39

ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ИШ-ЧАРАЛАРЫ


Бүгүн Нарын жергесинде “Учур” телетеатрынын гастролу башталат. Артистер Ат-Башы районунун айылдарында, Нарын шаарынын айылдарында болушуп “Мар Байжиевдин “Тил табышкандар” өзбек драматургу Иброгим Содиковдун “Апендинин беш аялы” аттуу комедиясын тартуулашат.

15-16-апрелде Мамлекеттик Кыргызстан жаштары программасынын алкагында Бишкекте “Жаш таланттар-2008” фестивалы өтөт. Бул сынак тууралуу Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Малик Ракишев кабарлады. Бул сынак менен катар эле жылда өтүүчү “Кызыл гвоздика” фестивалы өтөт. Анда курамы согуштун, тылдын ардагерлеринен турган өздүк көркөм чыгармачыл топтор катышат.

Улуттук опера жана балет театрында 18-апрелде заманбап хореографиянын кечеси өтөт. Ага “Дос арт” бий тобунун өнөрпоздору катышат. 19-апрелде Петр Чайковскийдин Евгений Онегин операсы коюлат. 20-да кыргыз эл артисти Сталбек Алмазбековдун чыгармачылыгынын 25 жылдыгына карата Пьетро Москанинин “Айыл абийри” операсы тартууланат.



20-апрелде Баткен жергесинде Айгүл гүлүнө арналган фестиваль өтөт. Баткен облустук музыкалык драма театрынын жетекчиси Апаз Жайнаков билдиргендей анын алкагында Айгүл кызы тууралуу дастанды көрсөтүшөт.

Жума соңунда кыргыз циркинде Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана башка бир катар өлкөлөрдөн келген артистер менен кыргыз өнөрпоздорунун биргелешкен чоң программадагы оюн-зоогу башталат. Кыргыз циркинен билдиргендей программада цирк өнөрүнүн түрдүү жанрларында оюндар көрсөтүлөт.



Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде түштүктөн келген сүрөтчүлөр Кожон Дарбанов менен Равшанбек Маматкуловдун “Чийген таш” деген аталыштагы көргөзмөсү өтүүдө.
XS
SM
MD
LG