Каттоо 25-мартта башталган. Буга чейин кабарлангандай республиканын бардык региондорунда 90 тест өткөрүү борборлору ачылган. Андыктан бүтүрүүчүлөр борборго келбестен эле, өз регионунда тест сынагынан өтө алат. Бишкек шаарында жана Чүй облусу боюнча тест сынагы 16-майда башталып, эки күнгө созулат. Тестирлөө үч тилде өткөрүлөт – кыргыз, орус жана өзбек. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан кабарлашты. Жалпы республикалык сынактан алган упайлар боюнча абитуриенттерге сертификат 25-июнда орто мектептерде бүтүрүү кечесинде тапшырылат. Жогору упай топтой алган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмдөрүндө билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. (ZMa)