Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

АЗЫК-ТҮЛҮК КААТЧЫЛЫГЫ АПААТКА АЙЛАНЫШЫ ЫКТЫМАЛ - IMF


Вашингтондо бүгүн дүйнөлүк банктын кеңешмеси болот. Анда дүйнөлүк азык-түлүк --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/E7464F46-F0D0-40B1-B4C7-C80B45CC758A.asp кризиси жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдө ачарчылыкка каршы күрөштүн проблемалары каралат. Кечээ бул маселени эл аралык валюта фондусу да талкуулап, дүйнөлүк өкмөттөргө инфляцияга, азык-түлүктүн кымбатташына каршы чечкиндүү чараларды көрүү керектигин эскертти.

Вашингтондогу маалымат жыйынында валюта корунун аткаруучу директору Доминик Стросс-Кан инфляция иш жүзүндө ооздукталбай калганын, анын арты тамак-аштын, биринчи керектөөдөгү башка да товарлардын кескин кымбатташына алып келгенин, бул абал бир кыйла узак мезгилге созулуп кетиши ыктымал экенин эскертти. “Миңдеген, жүз миңдеген кишилер ачка калат. Тоюна тамак жебей, жаш балдар айрыкча жабыркайт жана өмүр бою анын азарын тартат”, - деп айтты Стросс-Кан.

Азык-түлүктүн тартыштыгына, анын ээ-жаа бербей кымбаттап баратканына каршы дүйнөлүк өкмөттөр чукул чараларды көрүүгө тийиш. Эгер мындай тыкыр кадамдар жасалбаса, анда дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө жакынкы аралыкта эле башаламандыктар, атүгүл уруштар чыгышы ыктымал.

“Эгер азык-түлүктүн баасы азыркыдай арымда жогорулап отурса, мунун кесири көп өлкөлөрдөгү, анын ичинде Африкадагы калк үчүн катуу болот, - деп көрсөттү Стросс-Кан.- Анын бүткүл экономика чөйрөсүнө, соода балансына, учурдагы эсеп-кысап иштерге чоң салакасы тиет. Соңку беш же он жыл аралыгында жакшы иштеген өкмөттөр өздөрү жасаган ошол иштердин баарын бир күндө ойрондоп алат, мындан алардын алардын калк арасындагы легитимдүүлүгү да катуу жабыркайт”.

“Бу тек бир гуманитардык же экономикалык эле маселе эмес, - деп улантты валюта корунун директору, - бул ошондой эле демократиялык да маселе. Өткөндөгү тажрыйбалар көрсөткөндөй, мындай жагдайлардын арты айрым учурларда согуш менен да бүтүшү мүмкүн”.

Азык-түлүктүн каатчылыгы жана кымбаттыгы өткөн апталарда эле Филиппинде, Египетте, Гаитиде жана башка жерлерде массалык тополоңдорду чыгарды. Гаити парламенти өкмөттүн башчысын кызматтан алды.

Валюта кору кризис кыйгас жайылып бараткан азыркыдай кырдаалда өкмөттөргө инфляциянын абалын өзгөчө байкоого алууну сунуш кылды. Мындан тышкары азык-түлүктөрдүн мындан аркы кымбатташына каршы да чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды. “Өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн азыркы кризистин салакаларына туруштук бере алгыдай каркыны жок”, - деп кошумчалады Стросс-Кан. Азырынча алар бул капсалаңдын таасирин сезбей жатышат, экономикасы өнүгүп жатканына ток пейил тартып отурушат. Бирок мунун баары бир күндө кыйырсын ургандай кыйрап калышы мүмкүн.

Улуттар Уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба программасы ушу тапта эле дүйнөнүн 37 өлкөсү тамак-аш кризисине кабылганын тастыктады.

Сүрөттө эл аралык валюта корунун аткаруучу директору Доминик Стросс-Кан.

XS
SM
MD
LG