Франциянын тышкы иштер министри Бернард Кушнердин айтымында, Ооганстандагы кагылышуулар Пакистан чек араны көзөмөлдөөгө жардам көрсөтсө гана токтойт. Бернард Кушнер Канаданын тышкы иштер министри Максим Берниер менен кечээ күнү Кандагарга жасаган сапары учурунда ушундай пикирин билдирген.