Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:12

11:03 Бектемир Акуновдун уулу ИИМди сотко берет


Өткөн жылы Бириккен фронттун өткөргөн ачкачылык акциясынын катышуучусу маркум Бектемир Акунов 14-апрелде Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, 15-апрелде камоочу жайда белгисиз жагдайда каза болгон. Акуновдун жакындары аны милиция кызматкерлери сабап өлтүрүшкөн деген шектенүүлөрүн айтышууда. Бул боюнча шаардык прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, ошол күнү нөөмөттө турушкан милиция кызматкерлери Болот Кожомбердиев менен Бакыт Жунушбаевге Кылмыш Жаза кодексинин 316-беренеси боюнча айып тагылган. Сотто Жунушбаев акталып,Кожомбердивди үч жылга шарттуу кесип, бир жылга эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыгарган. “Кыргызстанда адилеттүүлүк, акыйкаттык жок. Соттор дагы бийликке көз каранды. Айрыкча Нарын шаарындагы укук коргоо органдары жарандардын укугун коргоонун ордуна, алардын укуктарын тебелөөдө. Айыптуу делген Бакыт Жунушбаев али күнчө ШИИБде иштеп жүрөт. Сот атам Бектемир Акуновдун өлүмүнө Ички иштер министрлигин күнөөлү деп тапты. Ошондуктан ИИМ моралдык чыгым келтиргендиги үчүн Биринчи май райондук сотуна доо арыз жолдойм”,-деп билдирди “Азаттыкка” Урмат Акунов. (AJ)

XS
SM
MD
LG