Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:09

БЕКТЕМИР АКУНОВДУН СЫРДУУ ӨЛҮМҮНӨ АЛЫП КЕЛГЕН КЫЛМЫШТЫН БЕТИ КАЧАН АЧЫЛАТ?


“Азаттыктын” таңкы уктурууларында кезектеги маекке «Бектемир Акунов” атындагы коомдун жетекчиси Урмат Акунов чыкты. Урматтын атасы Бириккен фронттун мүчөсү Бектемир Акунов өткөн жылкы апрель митингдеринин алдында ачкачылык кармап, бир жыл мурда 14-апрель күнү Нарын шаардык ички иштер табышмактуу өлүм менен каза болгон.

- Бектемир Акуновдун Нарын шаардык ички иштер башкармалыгында табышмактуу өлүм менен каза болгондугуна байланыштуу бир нече иликтөөлөр жүргүзүлгөн. Көз карандысыз экспертиза ошол эле учурда милициянын экспертизасы. Сиз кайсынысынын натыйжасына, же жыйынтыгына кошула аласыз?

- Бул жерде Бишкек шаардык соттук медициналык экспертиза бир канчалык деңгээлде биз жакка чечти десек болот. Бул жерде атамдын ак-карасын аныктады, атамда арак жок экенин, мас эместигин аныктап беришти. Ошондой эле денесиндеги көкалалар көп экенин, кайдан жаракат алганын аныктагыла деп суроо койгонбуз.

-Сиз айтсаңыз, Бектемир Акуновдун өлүмүнө байланыштуу Нарын шаардык соту жакында эле чечимин чыгарбадыбы, милиция кызматкерлерине өз ишине шалаакылык кылган деген айып тагып. Сиз соттун чечимине канаттандыңызбы?

- Соттун чечимине эч кандай канаттанган жокмун. Бул жерде бир канча суроолор табышмак иретинде эле кала берди.

-Мисалы?

- Мисалы, атамды эмнеге камаган, эмнеге аны кызытышкан. Ошондой эле атам эмнеге элдин алдына чыгып, жансоогалап “эл-журт мени сактап калгыла, эртең мени көрбөй каласыңар” деген суроолору табышмак иретинде эле кала берди.

- Сиздер ушул соттун чечимине каршы апелляциялык арыз жолдодуңуздарбы жогорку инстанцияга?

- Бул сот жүрүп атканда эле биз прокуратурага киргенбиз. Бул жерде атамдын өлүмүнө күнөөлү болгон милициялардын – Совет Курманакунов, Тынай Ниязакунов, Урмат Асаналиев, Урмат Рыскулбеков, Бакытбек Мамбетов, Рысбек уулу Бекжан, ошондой эле шаардык милициянын начальниги Таалай Нуралиевдин үстүнөн иш козголсун деп сунуш киргизгенбиз. Бул сунушубузду шаардык сот да, облустук, Жогорку Сот да колдогон. Бул жерде прокуратура адилет чечим чыгарган жок.

-Демек шаардык прокурордун өкүлүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе келип чыккан турбайбы?

-Ооба.

-Сиздер Бектемир Акунов атындагы коомдук фонд түщүп алдыңыздар эле. Ушул фонд тууралуу да айтып кетсеңиз, кандай багытта иш алып барып атасыздар?

-Атамдын өлүмү бир топ табышмактуу болуп калбадыбы. Биз азыр мындай деп баалап калдык, 1930- жылкы репрессиянын уландысы 2007-жылдын 14-апрелде болду деп толук эсептейбиз. Мындан ары мындай репрессияга, кордукка адамдар кабылбасын деп бизден башка эл ыйлабасын, жабыркабасын деп биз атамдын наамында фонд ачып, ошонун үстүндө азыр иштеп атабыз.

-Демек укук коргоо жагында турбайбы?

- Укук коргоо жагында.

- Маегинизге ырахмат.

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG