Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

16:30 И.Чудинов: Суу ресурстарын чогуу пайдалануу маселеси чечилбесе региондо экологиялык кырсык болушу ыктымал


Премьер-министр Игорь Чудинов бүгүн дипломаттар менен жолугушуу учурунда Орто Азия регионундагы суу ресурстарын пайдалануу маселесине да токтолду. Кыргызстан КМШ өлкөлөрү ичинде гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү боюнча үчүнчү орунда турарын, ал мүмкүнчүлүктүн бүгүнкү күнү 10 пайызы гана пайдаланылып жатканын айткан премьер-министр, ири инвесторлор үчүн бул тармак абдан кирешелүү болорун, нефти-газ ресурстары түгөнүп бараткан жер шарында гидроэнергетика негизги энергия булагына айланып баратканына токтолду. Ошондой эле ал суу ресурстарына бай Кыргызстан өз суусун пайдаланууда региондогу башка мамлекеттердин кызыкчылыгын да эске алып келгенин, бирок бул жылы кыш катуу болгонун, Токтогул суу сактагычындагы суулар кышында электр өнлдүрүүгө кеткенин, азыркы тапта суу сактагычта суу өтө аз калганын, андыктан электрди үнөмдөп, сууну жабууга туура келерин да айтты. Бул өз кезегинде коңшу өлкөлөргө жайкы сугат иштерине суу жетпей калат дегенди түшүндүрөрүн айткан өкмөт башчы, коңшуларды кырдаалга жараша аракет көрүүгө чакырды. Андан тышкары премьер-министр, Кыргызстан суу державасы катары Орто Азиянын суу ресурстары маселеси боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушууларды уюштурууну демилге кыларын баса белгилеп, Бишкек шаарында Суу-энергетикалык академия түзүү тууралуу кыргыз тараптын демилгесин Европарламенттин колдоп бергенине ыраазычылык билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG