Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

ДҮЙНӨЛҮК БАНК АЗЫК-ТҮЛҮК КРИЗИСИНЕ КАРШЫ ЧУКУЛ ЧАРА КӨРҮҮ ЧАКЫРЫКТАРЫНА ҮН КАТТЫ


Дүйнөлүк банктын жетекчиси Роберт Зеллик өнүгүп келаткан өлкөлөрдү каптаган ачарчылыкка каршы чукул аракет көрүүгө үндөдү. Дүйнөлүк азык-түлүк кризисинен улам, кедей өлкөлөрдүн 100 миллиондой калкы жакырчылыкка батышы ыктымал, - деп эскертти Зеллик. Тамак-аш бааларынын өсүшү бир катар өлкөлөрдө элдик толкундоолорго алып келди.

Өткөн жумада Гаитиде чыккан тополоң өкмөттүн кызматтан кетиши менен аяктады. Азык-түлүк каатчылыгына, күнүмдүк тамак-аштын кымбатташына нааразылыгын билдирип чыккан эл менен полиция кагылыша кетип, кеминде 5 киши набыт болгон.
Бангладештин баш калаасында полиция баалардын өсүшүнө жана төмөн маянага нааразылыгын билдирген жумушчуларга каршы жаш чыгаруучу газ колдонуп, бери дегенде 28 киши жарадар болду. Бангладеште Азиянын башка өлкөлөрүндөй эле негизги азык болгон күрүчтүн баасы акыркы убакытта эки эсеге өстү.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча күрүчтүн баасы соңку 2 айда эле 75 процентке көтөрүлдү.

Банктын жетекчиси Роберт Зеллик азык-түлүк кризисин жөндөө боюнча чукул чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи:

-Чынын айтсак, Чоң сегиздин (G8) финансы министрлеринин июнда боло турган жыйынын күтүп отура бере албайбыз. Ачка элди тое тамактандыруу үчүн кечиктирилгис чара көрүшүбүз керек.

Глобалдуу кризиске тамак-ашка болгон талаптын өсүшү, мунайдын кымбатташы, азык-түлүктү күйүүчү май катары көбүрөөк колдонуу өбөлгө түзүүдө.
Соңку жылдын ичинде буудай баасы 2 эсеге көтөрүлдү. Натыйжада көпчүлүк кедей өклөлөрдө нандын баасы өстү.

Элдин басымдуу көпчүлүгү тапкан жыйынаганын дээрлик толугу менен тамак-ашка сарптап калды. Салыштыра кетсек, өнүккөн мамлекеттердин калкы кирешесинин 10-20 процентин гана тамакка коротот.

-Акыркы 3 жылда азык-түлүк бааларынын дээрлик 2 эсеге кымбатташынан улам кедей өлкөлөрдөгү 100 миллиондой киши ого бетер жакырчылыктын сазына батышы ыктымал. Бул - кыска мөөнөттүү көйгөй эмес, анын кесепетин келечек муундар сезбегендей кылып чара көрүшүбүз керек.

Зеллик сунуш эткен глобалдуу тамак-аш саясаты ачарчылык менен күрөшүү үчүн чукул жана узак мөөнөттүү чараларды камтыйт.

Саясатка ылайык, Дүйнөлүк банк Африка өклөлөрүнүн айыл-чарба тармагына чегерилген каражатты эки эсеге көбөйтмөкчү.

Мындан тышкары Зеллик Азия жана Жакынкы Чыгыштын мамлекеттик инвестициялык фонддоруна активдеринин 1 процентин же дээрлик 30 миллиард долларды Африкадагы инвестицияларга сарптоону сунуш кылды.

Башкы банкир өкмөттөрдү Улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл-чарба агенттигине убада кылынган 500 миллион долларды тезирээк берүүгө үндөдү.
Агенттиктин маалыматына караганда, дүйнөнүн 37 өлкөсү тамак-аш кризисине кабылган. Сырттан чукул жардамга муктаж өлкөлөрдүн тизмесине мурдагы советтик жумурияттардан Тажикстан менен Молдова киргизилген.

XS
SM
MD
LG