Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

АЖЫЛЫК САПАРЫ АКЧА ТАБУУНУН ЖОЛУНА АЙЛАНДЫБЫ?


“2008-жылдагы ажылыкты ким уюштурат?” – деген суроо өткөн жолку ажылык --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/religion/ky/2008/01/9585D9F0-7096-4994-B734-2055840455D7.asp сапар аяктаар замат эле пайда болгон. Ал тууралуу жакында Кыргызстандын президентинин деңгээлинде да сөз жүрдү. Маселенин чыгышына буга чейинки ажылыкты уюштуруу иштеринде кетирилген олуттуу кемчиликтер себеп болгон.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик бүт мойнуна алган өткөн жолку ажылыкты уюштуруу иштериндеги нааразылык, айрыкча авиакомпаниялар менен иштешүүдөгү жеке кызыкчылыктар үчүн “Исток авиага” болгон жан тартуу, андан чыккан каржылык мыйзам бузуу маселени катуу курчуткандыгы ырас. Натыйжада Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири алмаштырылган.

“2008-жылдагы ажылыкты ким уюштурат?” – деген суроо президент Курманбек Бакиев Кыргызстан мусулмандарынын муфтийин жакында кабыл алган учурда да козголгон. Ал тууралуу муфтий Мураталы-ажы Жуманов мындай дейт:

-Ажылык маселеси тууралуу сөздү а киши өзү баштады. Мен ажылык динге тиешелүү маселе экендигин айттым. Акырында президент мындан кийин ажылык иштерди муфтият өзүңөр жетектеп-өткөргүлө деди.

Муфтий Мураталы-ажы Жумановдун айтуусунда, президент Курманбек Бакиев өкмөт тарапка, тиешелүү органдарга, Дин агенттигине ажылыкты уюштуруу иштерине түздөн-түз колкабыш гана кылсын деген көрсөтмө берген.

Бирок уюштуруу иштерин Муфтият, дин адамдары өз колуна алган 2006-жылдагы ажылыкты уюштуруунун чыр-чатагы өткөн жылдагыдан алда-канча чуулгандуу болгондугу, анда визалар кадимкидей сатылып, натыйжада 2000ден ашык адам кезегинен мыйзамсыз айрылып – ажыга барбай калгандыгы элдин эсинен чыга элек. Андыктан дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Каныбек Осмоналиев президент көрсөтмөсүн мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү аркылуу ишке ашырса да боло турганын белгиледи:

-Курманбек Салиевич ажылык иштерди муфтият менен казыяттарга жүктөө боюнча ачык эле айтты. Бирок ошол эле жолугушууда өкмөт тарап дагы өзүнчө комиссия түзүп, катуу көзөмөлдөсүн деген тапшырманы берди. Бул эң туура чечим. Ошондуктан биз вице-премьер министр Досбол Нур уулунун кароосуна 9 кишиден турган штабдын долбоорун сунуштадык. Штаб башчылыгына вице-премьер министрди көрсөтүп жатабыз.

Белгилүү мусулман дин ишмери, “Кыргызстандагы эл аралык ислам кызматташтыгы” борборунун жетекчиси Садыкжан-кары Камалиддин болсо ажылык иштерди уюштуруудан өкмөт өкүлдөрү сырткары турбаса болбойт экен деген бүтүмгө келиптир. Анткени алар ажылык ишти соодага, акча табуунун жолуна айлантып жиберишет экен.

Садыкжан-кары Камалиддин ошондой эле Кыргызстандагы ажылык иштерди муфтият менен Дин агенттигинен башка өзүнчө бир туруктуу уюм түзүлүп – ошол уюм уюштурса оң болорун канкакшап келет.

Ал эми Бишкек шаар тургуну Самарбек Айтикеев:

-Бизде баары бир ажылык ыр-чырсыз өтпөйт. Дин адамдарын таза сакташ үчүн – аларды ал ишке аралаштырбаш керек, - деген ойдо.
XS
SM
MD
LG