“Де-факто” гезити Казактарга кеткен “Казакстан” пансионаты-17 гектар, “Автомобилист”-15 гектар, Тамчыдагы пансионат 15 гектардан ашуун, “Салам” эс алуу үйү-13,2 гектар жерди ээлеп келгендигин маалымдап, мына ушул пансионаттар Казакстанга 17-апрелде ырасмий сапар менен бараткан Бакиев куру кол барбасын деп “акжолчу” депутаттар аркылуу тагдыры чечилгенин жазуу менен бул маселеде депутаттардын кимиси кандай добуш бергенин тизмелеген.
Ушул эле гезит журналист Ж.Касаболотовдун “Оппозиция жана чарчаган эл” деген макаласына орун берди. Өткөн курултай тууралуу сөз кылган автор ал жыйында эсте калганы Б. Шерниязовдун сунушу менен элдин баары көпкө чейин “манастап” ураан чакырып турганы болгонун, кубандырганы эгерде жаңы бийлик келсе мурдагы мыйзамдардын баары жокко чыгуусу керектигин, мамлекеттин буга чейин кабыл алган милдеттенмелери жарабастыгын сөз кылгандары олуттуу стратегия жараталабагын менен бир кадам алдыга карай ойлонууга алдын ала жасалаган аракет экендигин белгилеп, бирок саясатчылардын кыйла эле эскирип калгандыгын, эл бүгүн баарынан, бийликтен да, оппозициядан да, кымбатчылыктан да чарчап, жаңыча көз караштарды, жаңыча кадамдарды, өзгөрүүлөрдү күтүп жатканын, андыктан бийлик да, оппозиция да жеке дымагын эле эмес, эл алдындагы жоопкерчиликтерин да ойлоно турган мезгилге келгендигине көңүлдөрүн бурду.
Бул темага “Агым” гезити да кайрылып, кечээ “акжолчу” депутаттар атасы-Бакиев менен жолукканын кабарлап, казактарга кеткен пансионаттын айланасында сөз кылды. Ал боюнча аталган гезитке экономика илиминин кандидаты, эксперт Саткын Айтуганов эми иштин арты кандай натыйжаларга алып келери тууралуу айтып берди.
Саткын мырзанын ою боюнча 11-апрель Ысыккөлдү жоо чапкан күн. Анткени Кыргызстандын өз менчигин, мүлкүн кунсуз кулдун буюмундай, акысыз күңдүн баштыгындай “акжолчу” депутаттар төш, президент баш болуп казактарга кош колдоп берип салганы көлдүктөр эле эмес жалпы кыргыз эли үчүн аза күн болгонун, эми мындан ары Ысыккөлгө кыргыздардын толук кандуу ээлик кылары шектүү болуп калгандыгын, эми ушул “оорудан” кийин Кыргызстанга башка мамлекеттердин чегарага болобу, анклавдарга болобу, алтын, нефть, көмүр, газ кенбайлыктарына болобу, мамилеси өзгөрүп, талап-доолору күчөрүн, ошентип Ысыккөлдүн чекесинен кертилип кете берүүсүнө кесепет түзүлгөнүн, ал эми Каркыра жайлоосун берүү менен Манастын касиетине шек кеткенин, бир айылдын кызыкчылыгы үчүн бүт өлкөнүн кызыкчылыгы садага чабылганын айтты.
Гезит Бишкектин Ата Түрк паркындагы мыйзамсыз салынып жаткан особняктардын ээлерин мыйзамдуу түрдө тартипке салып коюуга шаар башчысы Д.Үсөновдун колу кыска экенин, анткени Ата Түрк паркын ээлегендердин ана башында анын аталыгы Апас Жумагулов турарын, экөө кандайча чырмалышканын элдин баары билерин, ушул маселеге келгенде Үсөнов мырзанын чечкинсиз, мыйзамсыз маилеси баш чайкатарын, базарларды сүзө качырып: “жоем, көчүрөм, мыйзамды бузуп атасыңар” деп мамлекеттен иш, акча сурабай жан багып жаткандардын далайын көчөдө калтырганын, андай эле мыйзамчыл болсо, “силер мыйзамды бузупсуңар, парк аймагын бошотуп койгула” деп эмне үчүн тигилерди омуроолобойт деген маселени койду.
“Аалам” гезити да мына ушул жер маселеси жөнүндөгү маалыматтар топтомун “Каркыра казактарга кантип кетти?” деген тема алдында жарыя кылды жана жакынкы күндөрү көлдүктөр козголуп, казактарга кеткен Каркыранын айынан бийликке 100 пайыз ишенбөөчүлүктү көргөзөрүн, бирок бул демилгени кимдер көтөрүп, кимдер каржылары азырынча белгисиз экендигин кабарлады.
Белгилүү журналист Б.Аракеев өзүнүн “Каркыраны казактар тартып алып, кыргызың алсыз экен куру калды” деген макаласында: ”...казак келесоо эмес, тескерисинче бизди келесоо кылып, өз жерибизди өзүбүзгө алмаштырды. Илгертен эле жанагы “бизге берди” деген жер-Ийри Суунун берки өйүзү өзүбүздүн жер экен, чегара ошол суу болуп туруптур. Кийин казактар Ийри Сууну “форсировать” этип 600 гектардай жерин ээлеп алыптыр. Каркырага барып келген депутаттардын бири Мурат Жураев Азаттык үналгысынан “Ысыккөл эли баары ыраазы, Каркыра маселесинде проблема жок” деп жанын жеп атпайбы. Азыр “Ысыккөлдөн колуңду тарт!” деген бир уюмбу, коомбу, керек болуп турат. Аны Эмилбек Каптагаев сыяктуу жигиттер башкарса, көлүбүз түгөлү менен кыргыздыкы болуп калар беле? Кыскасы өлкө башына накта патриот адам келмейин жерибиз менен элибиз кемигенден кемий берет” деп кейиш менен кеп кылды.
Жер маселеси “Кыргыз туусу” гезитинин да көз кырынан сыртта калган жок. Гезит ”Ысыккөлдөгү пансионаттар кимдики?” деген темадагы кайрылуу катты жарыялады. Ага колдорун койгон аттуу-баштуу инсандар: Б.Жакиев, С.Иманбаев, академик Д.Маматканов, Т. Чыңгышев, А.Абдылдаев, М.Асейинов, Б.Акунов, Т.Орозалиев, Б.Иманалиев, М.Мамакеев, М.Байжиев, Т.Ишемкулов, Ж.Каниметов, Д.Кыдыров, Ж.Рахимдинова, А.Байбураева, Д.Молдошева жазган катын президент К.Бакиевге жолдогон. Кайрылуунун аягы “Эгерде бул пансионаттар Казакстандын менчигине берилсе, эртең Өзбекстан көлдөгү пансионаттарды берүүнү талап кылат. Ошентип Ысыккөлдүн жээги акырындап Кыргызстандын Сох, Шахимардан сыяктуу анклавдарына айланат” деп айтылган.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ