Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

18:50 Электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлөт


Бул тууралуу “Түндүк электр станциялар” тармагынын басма сөз катчысы Гуля Мамбеталиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү азайып кеткендигине байланыштуу электр кубаттуулугун бөлүштүрүүчү “Ошэлектр”, “Жалалабат электр”, “Чыгыш электр”, “Түндүк электр” станцияларына Энергетика жана отун ресурстары министрлигинен электр жарыгын берүүнү чектөө тууралуу буйругу келген. Ага ылайык электр кубаттуулугун өлкө аймагында чектөө боюнча апрель-май айына жаңы лимит бектитилген. Мисалы, “Түндүк электр” станциясы Чүй,Талас облустарында түнкү саат 23төн таңкы саат 6 чейин электр жарыгын өчүрүп жатат. Бишкек шаарындагы ооруканалар, тез бузулуучу продуктуларды даярдоочу ишканалар жана башка стратегиялык обьектилерде электр жарыгы өчүрүлбөйт. Электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү келерки жылдын 9-апрелине чейин уланышы күтүлүүдө, дейт Мамбеталиева. (AJ)

XS
SM
MD
LG