Бакуба калаасында машинедеги бомба жарылуусунан кеминде 40 киши мерт болуп, дагы ондогон адамдар жараат алышты. Полициянын айтымында, жардыруу Бакубадагы сот жана регионалдык акимчилик имараттарына чукул жерде болду. Бүгүн Ирактын Рамади шаарындагы дагы бир жардыруудан 13 киши набыт болгону кабарланды.