Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:09

ИГОРЬ ЧУДИНОВ: “КЫРГЫЗСТАН – СУУ ДЕРЖАВАСЫ...”


Өлкөнүн премьер-министри Игорь Чудинов Кыргызстандагы чет өлкөлүк элчиликтердин, өкүлчүлүктөрдүн жана донордук уюмдардын жетекчилери менен жолугушуу учурунда өлкөнүн экономикалык --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/F2A9EBC2-329B-47A5-814A-46A73E1A87E6.asp мүмкүнчүлүктөрү кең экендигин, инвесторлор менен ишкерлерге абдан ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын айтып берди. Анын айтымында, Кыргызстан суу державасы катары келечекте Борбор Азия чөлкөмүндөгү таасирдүү өлкөлөрдүн бири болуп калмакчы. Ошентсе да айрым экономисттер азыркы бийликтин экономикалык саясаты ушул бойдон бара берсе, Кыргызстан таптакыр көз каранды болуп, мамлекеттүүлүгүнө коркунуч келиши ыктымал дешет.

Кыргызстан өзүнүн экономикалык саясатын болушунча либералдаштырып, чет элдик инвесторлорго кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип жатканын баяндаган Игорь Чудинов, өлкөнүн стратегиялык багыты катары гидроэнергетиканы, кендерди иштетүүнү, айыл-чарба тармагын жана туризмди баса белгиледи. Ишкерлерге шарт түзүү максатында аларды текшерүүчү органдар кыскартылганын, бүгүнкү күнү каржы полициясы гана андай укукка ээ экендигин, талап кылынчу документтер азайганын, салыктар да төмөн түшүрүлгөнүн айткан премьер-министр, Кыргызстан биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирди:

- Биз бүгүн биргелешип түзүлгөн кичи жана чоң инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз. Кыргызстанда стратегиялык тармактар болгон электр тармагы, кендерди иштетүү, айыл-чарба продуктуларын өндүрүү, туризм тармактарында өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө толук шарттар бар. Биздин өлкө баалуу металдарга бай. Биздин өлкө КМШ өлкөлөрү ичинде гидроэнергетикалык запастары боюнча үчүнчү орунда турат. Адистердин эсеби боюнча ал 470 миллиард кВт саатты түзөт. Бүгүн ошол мүмкүнчүлүктүн 10 пайызы гана иштетилет.

Ошондой эле анын айтымында, Борбор Азия чөлкөмүндө суу ресурстарын чогуу пайдалануу маселеси чечилбесе, чөлкөмдө экологиялык кырсык болуп кетиши ыктымал. Ага Арал деңизи мисал болорун айткан премьер-министр, Кыргызстан бул жылы электрди, суу сактагычтардагы сууларды үнөмдөөгө мажбур экендигин, ошол себептүү коңшу өлкөлөргө жайкы сугат иштерине суу жетпей кала турганын айтты. Кыргызстан суу державасы болгондуктан, аны менен тең ата сүйлөшүү керектигин каңкуулаган премьер-министр, Кыргызстан бул маселе боюнча чоң деңгээлдеги жолугушуу өткөрө турганын билдирди:

- Акыйкат чийилген эл аралык схеманын негизинде жана энергия ресурстарынын ар кыл түрлөрүн алмашуу аркылуу гана Борбор Азия чөлкөмүндө бардыгы үчүн ылайыктуу кызматташууга жетишсе болот. Ошондуктан бизде жаңы чоң-чоң ГЭСтердин курулганы Кыргызстан үчүн эле эмес, ушул чөлкөм үчүн да чоң мааниге ээ.

Ал эми бир катар экономисттер азыркы бийликтин экономикалык саясаты туура эмес баратканын айтышат. Электр тармагынын, стратегиялык маанилүү объекттердин менчикке кетип баратканын сынга алышкан айрым серепчилер, бийликте отурган бир ууч гана адам өз кызыкчылыктарын көздөп, мамлекеттин байлыгынын бардыгын сатып атышат дешет.

Белгилүү экономист Айылчы Сарыбаевдин айтымында, премьер-министрдин оптимисттик маанайда Кыргызстанды держава катары көрүп атканы учурдагы реалдуулукка, бийликтин иш-аракеттерине тап-такыр туура келбейт:

- Чудинов башында турган өкмөттүн курамы бизди эч качан он эмес элүү өлкөнүн катарына киргизе албайт. Булар “инвесторлорго бардыгын сатса болот, өлкөнүн чегарасын таптакыр ачып салалы, каалаган киши сатып ала берсин” дешип, ошондуктан жанагы бизнес үчүн ылайыктуу он өлкөнүн катарына киребиз деп атышат го. Дегеле Чудиновдун биздин мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп иш кылганын эч ким көргөн эмес. Суу державасы болуш үчүн ошол сууну көзөмөлдөй турган, суу ресурстарын пайдаланып энергия ресурстарын чыгара турган мамлекеттик менчиктер болуш керек. Эгер ал мамлекеттик менчик жок болсо, аны башка бирөөлөр менчиктеп кетсе биз каяктан держава болмок элек?

Сүрөт ironside.sandia.gov интернет баракчасынан алынды.

XS
SM
MD
LG